Еврейлерге
5 Адамдардын арасынан тандалган ар бир башкы дин кызматчы адамдар үчүн Кудайга кызмат кылганга дайындалат.+ Ал күнөөлөр үчүн курмандыктарды чалып, тартууларды Кудайдын алдына алып келет.+ 2 Өзү да күнөөкөр болгондуктан билбестиктен улам күнөө кетиргендерге* боор ооруй билет*. 3 Күнөөлүү болгондуктан ал элдин эле эмес, өзүнүн да күнөөлөрү үчүн курмандык чалышы керек.+
4 Киши өзүн өзү башкы дин кызматчы кылып дайындай албайт. Ал андай сыймыкка, Арунга окшоп,+ Кудай дайындаганда гана ээ болот. 5 Ошо сыяктуу эле, Машаяк да өзү эле башкы дин кызматчы болуп алып, өзүн өзү жогорулаткан эмес.+ Анын зоболосун Кудай өзү көтөрүп: «Сен менин уулумсуң, мен бүгүн сага ата болдум»,— деген.+ 6 Ал Ыйык Жазманын башка жеринде: «Сен түбөлүккө Мелкиседек сыяктуу дин кызматчысың»,— деп да айткан.+
7 Жерде жашап жүргөндө Машаяк аны өлүмдөн куткара ала турган Кудайдан үнүн катуу чыгарып, көз жашын төгүп кайра-кайра өтүнгөн, жалынып-жалбарган.+ Кудайдан корккондуктан, анын тилеги кабыл болгон. 8 Иса Кудайдын уулу болсо да, азап чеккенинин аркасында баш ийгенге үйрөнгөн.+ 9 Ошентип бул жагынан жеткилең болгондон кийин+ өзүнө баш ийгендердин баарынын куткарылып, түбөлүк өмүр алышына жол ачкан.+ 10 Себеби Кудай аны Мелкиседектей башкы дин кызматчы кылып дайындаган.+
11 Машаяк жөнүндө дагы көп нерсе айта алмакпыз, бирок анын баарын түшүндүрүп берүү кыйын, анткени силер уккандарыңарды түшүнгөнгө аракет кылбай жатасыңар. 12 Эмдигиче окутуучулардан болуп калышыңар керек эле, бирок силерге Кудайдын ыйык сөзүнөн билген алгачкы нерселериңерди+ кайрадан үйрөтө турган бирөө керек болуп жатат. Силерге катуу тамак эмес, кайрадан сүт керек. 13 Ким дагы эле сүт менен азыктанып жатса, ал Кудайдын сөзүн* билбейт, анткени бала бойдон.+ 14 Ал эми катуу тамак жетилген адамдар үчүн. Алар дайыма ой жүгүрткөндүктөн* жакшы менен жаманды айырмалаганды үйрөнүшкөн.