Ышая
55 Суусагандар,+ баарыңар суу алганы келгиле!+
Акчасы жоктор, келгиле, алгыла да жегиле!
Келгиле, шарап менен сүттү+ акча төлөбөй эле бекер алгыла.+
2 Нан деп айтканга болбой турган нерсе үчүн эмнеге акча төлөп жатасыңар?
Мээнет кылып тапканыңарды* эмнеге курсакты тойгузбаган нерсеге коротуп жатасыңар?
Мени кунт коюп уккула, тамактын жакшысын жегиле,+
Ошондо чындап эле тамактын мыктысын жеп, рахаттанасыңар.+
Уккула, ошондо аман болосуңар.
Ал убадам сөзсүз аткарылат*.
5 «Сен* өзүң билбеген элди чакырасың*,
Сени тааныбаган элдин арасынан чыккандар да Жахаба Кудайың үчүн,+
Ысрайылдын Ыйыгы үчүн сага чуркап келишет,
Анткени ал сенин даңкыңды чыгарат.+
6 Тапканга мүмкүнчүлүк барда Жахабаны издегиле*.+
Ал жакын турганда, аны чакыргыла.+
7 Ыймансыз жаман жолунан кайтсын,+
Кара ниет кыянаттык ойлогонун таштасын;
Жахабага кайрылып келсин, ал ага ырайым кылат,+
Кудайыбызга кайрылып келсин, ал айкөлдүк менен кечирет».+
9 Анткени асман жерден канчалык бийик болсо,
Менин кылган иштерим силердин иштериңерден,
Ойлогон ойлорум силердин оюңардан ошончолук бийик.+
10 Асмандан жааган жаан менен кар жерди сугарып,
Аны өсүмдүк өнүп чыккыдай, түшүм бергидей кылмайын,
Дыйканга үрөн, элге нан бергидей кылмайын асманга кайтпайт.
11 Менин оозуман чыккан сөз да ушундай.+
Ал мага курулай кайтып келбейт,+
Мен эмнени кааласам*, ошону сөзсүз аткарат,+
Эмнеге жиберсем, ошону сөзсүз ишке ашырат.
Тоолор менен адырлар сүйүнүп тосуп алып, шаттана үн салышат,+
Талаадагы бак-дарактардын баары алакан чабышат.+
Мунун баары менин атагымды, Жахабанын атагын, чыгарат,+
Мен жөнүндө эч качан өчпөй турган белги болот».