Башчыга. Жедутун. Дөөтүнүн ыры.
62 Менин жаным унчукпай, Кудайды күтөт+.
Ал мени куткарат+.
2 Ал — менин аскам, куткаруучум, коопсуз чебим+.
Мен олку-солку болбойм, кулабайм+.
3 Адамды өлтүрүүнү көздөп, качанга чейин кол сала бересиңер?+
Баарыңар кыйшайып калган дубалдайсыңар, урайын деп калган таш дубалдайсыңар+.
4 Алар адамдын кадыр-баркын түшүрүү үчүн кеңеш беришет+,
Жалгандыкты жакшы көрүшөт+.
Ооздору менен бата беришет, бирок ичинен каргашат+. (Села)
5 Оо, жаным, унчукпай, Кудайды күт+,
Анткени мен андан үмүт кылам+.
6 Ал — менин аскам, куткаруучум, коопсуз чебим+.
Мен олку-солку болбойм+.
7 Менин куткарылуум да, даңкым да Кудайдан+.
Кудай — бекем аскам, баш маанам+.
8 Оо, адамдар, ага ар убак таянгыла+.
Анын алдында жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө+.
Кудай — бизге баш маана+. (Села)
9 Адам баласы — дем+,
Адам уулдары — жалгандык+.
Таразага тартканда, баары биригип демден да жеңил болуп чыгат+.
10 Алдамчылыкка таянбагыла,+
Талап-тоноочулукка курулай ишенбегиле+.
Мүлкүңөр көбөйө турган болсо, ага жүрөгүңөр байланбасын+.
11 Кудай бир жолу айтты, мен эки жолу уктум+:
Күч Кудайга таандык+.
12 Оо, Жахаба, мээримдүүлүк да сага таандык+.
Сен баарына иштерине жараша тиешесин бересиң+.