Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Ушул жума
28-июль—3-август
«Ыйык кызматыбыз жана жашообуз» окуу куралы—2025 | июль

28-ИЮЛЬ—3-АВГУСТ

НАКЫЛ СӨЗДӨР 24

38-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. Күч топтоп, кыйынчылыктарга даяр болгула

(10 мүн.)

Акылмандыкка ээ болуш үчүн Ыйык Китепти казып изилдегиле (Нкл 24:5; w23.07 18-б., 15-абз.)

Эч нерсеге көңүлүңөр чаппаса да, рухий күн тартибиңерге тыгыз кармана бергиле (Нкл 24:10; w09 15/12 18-б., 12, 13-абз.)

Бекем ишеним, Жахабага болгон сүйүү кыйынчылыктарга моюн сунбай, баш көтөргөнгө жардам берет (Нкл 24:16; w20.12 15-б.)

Олуттуу оору менен ооруган бир тууганыбыз башка бир тууганыбыз менен бирге кубанып үймө-үй кабар айтып жүрөт. Ал үйдөн чыккан аялга планшетинен бир нерсе көрсөтүп жатат.

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Нкл 24:27. Бул накыл сөздө кандай ой камтылган? (w09 15/10 12-б.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

(4 мүн.) Нкл 24:1—20 (th 11-сабак)

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(2 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Кабар айтканыңа чейин эле маек бүтүп калат (lmd 2-сабак, 4-ой).

5. Сөз баштоо

(3 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ (lmd 3-сабак, 4-ой).

6. Сөз баштоо

(3 мүн.) ЭЛ КӨП ЖЕРДЕ КАБАР АЙТУУ. Ыйык Китепти изилдегенге жардам берерибиз тууралуу айтып бер жана изилдөө сунуштаган байланыш карточкасын бер (lmd 4-сабак, 3-ой).

7. Сөз

(3 мүн.) lmd 1-тиркеме, 11-ой. Тема: Кудай бизге өзүнүн Сөзүн берген (th 6-сабак).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

99-ыр

8. Кыйынчылыктарда бири бириңерге жөлөк болгула

(15 мүн.). Талкуу.

Жугуштуу оору, табигый кырсык, жарандык кагылышуу, согуш же куугунтук капыстан башталып кетиши мүмкүн. Андайда бир туугандарыбыз бири бирин жөлөп-таяп, күч-кайратка толтурушат. Андай кыйынчылыктар өзүбүздүн башыбызга түшпөсө да, боордошторубузду ойлойбуз, колубуздан келген жардамыбызды беребиз (Кр1к 12:25, 26).

Курама сүрөт: Боордошторуна ар кандай жолдор менен жардам берип жаткан бир туугандарыбыз 1. Бир туугандар табигый кырсыктан талкаланып калган Падышалык залын оңдоп жатышат. 2. Качкын болуп келген бир энени кызы менен жылуу тосуп алып жатышат. 3. Бир тууганыбыз Падышалык залындагы тартуу салган кутуга акча салып жатат. 4. Башка жактан качкын болуп келген бир туугандарга Падышалык залында зарыл нерселерди таратып жатышат. 5. Ыктыярчылар бөтөлкөдөгү сууларды түшүрүп жатышат. 6. Бир тууганыбыз тиленип жатат.

Окугула: Падышалар 1-китеп 13:6; Жакыптын каты 5:16б. Анан угармандардан сура:

  • Кудайдын кызматчыларынын башкалар үчүн тиленгени эмне үчүн чоң күчкө ээ?

Окугула: Марк 12:42—44; Корунттуктарга 2-кат 8:1—4. Анан угармандардан сура:

  • Жардамга муктаж бир туугандарыбызды колдош үчүн бүткүл дүйнөлүк ишке тартуу кылганга акчабыз көп болбосо да же бир аз эле тартуу бере алсак да, эмне үчүн тартуу кыла беришибиз керек?

ВИДЕОНУ көрсөт. «Ишибизге тыюу салынган өлкөдөгү ишенимдештерибизди бекемдөө». Анан угармандардан сура:

  • Ишибизге тыюу салынган Чыгыш Европада жашаган боордошторуна жардам бериш үчүн бир туугандарыбыз эмне кылганга даяр болушкан?

  • Тыюу салынганына карабай бир туугандарыбыз Ыйык Китептеги буйрукка баш ийип, кандайча бири бирине дем-күч берип, чогула беришкен? (Ев 10:24, 25)

9. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

(30 мүн.) lfb 4, 5-сабактар

Корутунду (3 мүн.) | 112-ыр жана тиленүү

Мазмуну
Күзөт мунарасы (изилдөөгө арналган)—2025 | май

21-изилдөө макаласы: 28-июль, 2025—3-август, 2025

14 Түбөлүккө кала турган шаарды күткүлө

Кошумча окуганга

Бул чыгарылыштагы башка макалалар

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү