Корунттуктарга 2-кат
9 Ыйыктарга кызмат кылуу+ жөнүндө силерге жазуунун кажети жок деп ойлойм. 2 Анткени силердин жардам берүүгө даяр экениңерди билем, ошон үчүн македониялыктарга Ахаядагылардын бир жылдан бери+ жардам берүүгө даяр турганын айтып мактанып жүрөм. Силердин ынтаңар алардын көбүнө дем берди. 3 Бирок мактанганыбыз куру сөз болуп калбашы үчүн жана мен айтып жүргөндөй, чындап даяр турушуңар үчүн, силерге бир туугандарды жөнөтүп жатам+. 4 Болбосо македониялыктар мени менен барып, даяр эмес экениңерди көрсө, силер да, силерге бекем ишенген биз да уятка калышыбыз мүмкүн. 5 Ошондуктан бир туугандарды эртерээк барууга үндөөнү зарыл деп таптым. Алар өзүңөр убада кылып, алдын ала даярдап койгон, марттык менен берген тартууңарды+ зордоп алынган нерсе катары эмес, берешендик менен берилген тартуу катары алышат+.
6 Буга байланыштуу айтарым, аз сепкен+ аз жыйнайт, ал эми көп сепкен+ көп жыйнайт. 7 Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес+, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын, анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт+.
8 Андан тышкары, дайыма керектүүнүн баарына ээ болуп, бардык жакшы иштерге бай болушуңар үчүн, Кудай силерди ырайымы менен байытууга кудуреттүү+. 9 Ыйык Жазмада: «Ал марттык менен таратат, жакырлар менен бөлүшөт. Анын адилдиги түбөлүк көрсөтүлөт»,— деп жазылган+. 10 Ал эми себүүчүгө үрөндү, жегенге нанды мол берген Кудай+ силерге сепкенге үрөн берет, аны көп берип, адилдигиңердин жемишин арттырат+. 11 Бардык жагынан март болушуңар үчүн, баарын мол алып жатасыңар. Биздин аракетибиздин аркасында мындай марттык башкаларга Кудайга ыраазычылык билдирүүгө түрткү берет+. 12 Анткени ыйыктарга кылган бул кызматыңар алардын кем-карчын ашыгы менен толуктагандан тышкары+, Кудайга көп ыраазычылык айтылышына шарт түзөт. 13 Алар бул кызматтын жемишин көрүп, силердин Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарды эл алдында жарыялоо менен ага баш ийгениңер үчүн+, ошондой эле аларга жана баарына марттык менен тартуу бергениңер үчүн+ Кудайды даңкташууда. 14 Кудай силерге ырайымын төгүп жаткандыктан+, алар силерди жакшы көрүп, силер үчүн Кудайга жалынып жатышат.
15 Сөз менен айтып жеткире алгыс белеги үчүн Кудайга алкыш!+