Петирдин 1-каты
4 Демек, Машаяк адам болуп жүргөн кезинде азап чеккен болсо+, силер да Машаякка окшоп ой жүгүрткөнгө даяр болгула+, анткени азап чеккен адам күнөө кылбай калат+. 2 Ал калган өмүрүн пенделик кумарларын канааттандыруу менен эмес+, Кудайдын эркин аткаруу менен өткөрөт+. 3 Мурун уятсыз* жүрүм-турумга+, кумарларга, шарапкорлукка+, жосунсуз той-тамашаларга, ичкилик ичүү мелдештерине, жийиркеничтүү бурканга табынуучулукка берилип+, дүйнө адамдарынын эрки боюнча+ жашап келгениңер жетишет+. 4 Алар азыр өздөрү менен кошо ошондой жаман иштерди жасабай калганыңарга*+ таң калып, силерди жамандап жатышат+. 5 Бирок андай адамдар тирүүлөрдү да, өлгөндөрдү да соттогонго даяр турган соттун+ алдында жооп беришет+. 6 Ошондуктан өлгөндөргө* да+, аларды адамдар сыртына карап соттошсо да+, Кудайдын көз алдында рухтун жетеги менен жашашы үчүн+, жакшы кабар таратылган.
7 Бардык нерсенин аягы жакындап калды+. Ошондуктан акыл-эстүү болгула+, дайыма тиленгиле*+. 8 Айта кетчү дагы бир маанилүү нерсе, бири-бириңерди жан-дилиңер менен сүйгүлө+, анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт+. 9 Бири-бириңерге наалыбай меймандостук көрсөткүлө+. 10 Кудайдын ар кандай жолдор менен көрсөтүлгөн ырайымынын жакшы башкаруучулары катары баарыңар Андан алган жөндөмүңөргө* жараша бири-бириңерге кызмат кылгыла+. 11 Ким сүйлөсө, Кудайдын сөздөрүн сүйлөгөндөй сүйлөсүн+. Ким кызмат кылса+, Кудай берген күчкө таянып кызмат кылсын+. Ошондо Кудай Иса Машаяк аркылуу бардык жагынан даңкталат+. Даңк менен кудурет түбөлүктөн түбөлүккө ага таандык+. Оомийн.
12 Сүйүктүү бир туугандарым, сыналышыңар үчүн оттой кыйынчылыктарга кабылганыңарда+ аларды жат нерседей көрүп таң калбагыла. 13 Анын ордуна, Машаяктын азап чегүүсүнө ортоктош болуп жатканыңарга+ кубангыла+. Ошондо анын даңкы ачылганда да кубанып-шаттанасыңар+. 14 Эгерде силерди Машаяктын ысмы үчүн кордоп жатышса+, анда бактылуусуңар+, анткени силерде даңк руху, Кудайдын руху, бар+.
15 Араңардан эч ким киши өлтүрүп же уурулук кылып, же жаман иш кылып, же башкалардын ишине кийлигишип+ азап тартпасын+. 16 Ал эми Машаяктын жолдоочусу* болгону үчүн азап тартса+, анда уялбасын+. Тескерисинче, анын жолдоочусу катары жашап, Кудайды даңктай берсин. 17 Анткени сот үчүн белгиленген убакыт келип калды. Ал Кудайдын үйүнөн башталат+. Эгерде сот бизден башталса+, анда Кудайдын жакшы кабарына баш ийбегендер эмне болот?+ 18 «Эгерде адил адам араң куткарылса+, анда ыймансыз менен күнөөкөр эмне болот?»+ 19 Ошондуктан Кудайдын эркин аткаргандыгы үчүн азап тартып жаткандар жакшы иштерди кылып, өздөрүнүн жанын ишенимдүү Жаратканга тапшырышсын+.