-
Жылнаама 2-китеп 1:11, 12Ыйык Китеп
-
-
11 Ошондо Кудай Сулайманга: «Ушуну сураганың үчүн, өзүңө дүнүйө, байлык, атак-даңк, узак өмүр же сени жек көргөндөрдүн өлүмүн тилебей, мен сени падыша кылып койгон элиме сот жүргүзгөнгө акылмандык менен билим сураганың үчүн,+ 12 сага акылмандык менен билим берем. Ага кошуп, сага чейинки падышаларда болбогон, сенден кийинки падышаларда да болбой турган дүнүйө, байлык, атак-даңк да берем»,— деди.+
-