-
Шемуелдин 1-китеби 2:14—16Ыйык Китеп
-
-
14 эт кайнап жаткан идиштин кайсынысына болбосун салчу. Анан айрыга эмне илинсе, ошону дин кызматчы өзүнө алып алчу. Алар Шилого келген бардык ысрайылдыктардын курмандыктарын ушундай кылышчу. 15 Андан сырткары, курмандыктын майы өрттөлгөнгө чейин,+ дин кызматчынын жардамчысы курмандык алып келген кишиге: «Дин кызматчыга куурдак кылганга эт бер. Ал бышкан этти албайт, чийкисин бер»,— дечү. 16 Эгер тиги киши: «Адегенде майы өрттөлсүн,+ анан каалаганыңды ала бер»,— десе, дин кызматчынын жардамчысы: «Жок, азыр бер. Бербесең, тартып алам»,— дечү.
-