-
Падышалар 2-китеп 23:15, 16Ыйык Китеп
-
-
15 Ысрайылды күнөөгө түрткөн Небат уулу Жеробамдын Бейтелге курган курмандык жайы менен сыйынуу жайын да талкалады.+ Андан кийин ошол сыйынуу жайын өрттөп, майдалап салды. Ыйык мамыны да өрттөдү.+
16 Анан Жошия айланасын карап, тоодогу мүрзөлөрдү көрдү. Алардын ичиндеги сөөктөрдү алдырып, курмандык жайынын үстүндө өрттөп, аны сыйынганга жараксыз кылып таштады. Ошентип, Жахабанын өз пайгамбары аркылуу ушунун баары жөнүндө алдын ала айткандары аткарылды.+
-