-
Мыйзам 6:10—12Ыйык Китеп
-
-
10 Жахаба Кудайыңар силерди ата-бабаларыңар Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка силерге берем деп убада кылган жерге алып барганда,+ силер курбаган чоң кооз шаарлары,+ 11 силер жыйнабаган мүлккө толгон үйлөрү, силер казбаган суу сакталчу чуңкурлары, силер отургузбаган жүзүмзарлары менен зайтун дарактары бар жерге алып барганда, анан ал жерде тойгончо ичип-жегениңерде,+ 12 сак болгула, силерди Мисир жеринен, силер кул болуп жүргөн жерден, алып чыккан Жахабаны унутуп койбогула.+
-
-
Аюп 31:24Ыйык Китеп
-
-
24 Эгер алтынга таянган болсом,
Таза алтынга: „Ишенгеним сенсиң!“ — деген болсом,+
-
Аюп 31:28Ыйык Китеп
-
-
28 Анда бул да соттор карап, жазалай турган кылмыш болмок.
Себеби асмандагы чыныгы Кудайдан баш тарткан болмокмун.
-
-
-