44 Мен болсо силерге мындай дейм: душманыңарды сүйгүлө,+ силерди куугунтуктагандар үчүн Кудайдан тилене бергиле.+ 45 Ошондо асмандагы Атаңардын балдары болосуңар,+ себеби ал күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырат.+