7 Бирок Жахаба Шемуелге: «Анын келбетине, боюнун узундугуна караба,+ мен аны тандаган жокмун. Анткени мен адам карагандай карабайм, адам көзү көргөндү гана көрөт, ал эми мен, Жахаба, жүрөктөгүнү көрөм»,— деди.+
3 Ал: «Оо, Жахаба, бир өзүңө жалынып-жалбарам, сага берилип, бүт жүрөгүм менен кызмат кылганымды, көз алдыңда туура иштерди кылып келгенимди эстей көр»,+— деп тиленди. Анан өксөп ыйлады.
17 Кудайым, сенин жүрөктү сынаган,+ таза жүрөктү* жактырган+ Кудай экениңди билем. Мен мунун баарын чын жүрөктөн тартуу кылдым. Бул жерде турган элиңдин да сага өз ыктыяры менен тартуу берип жатканын көрүп кубанычым койнума батпай турат.