-
Закарыя 2:8, 9Ыйык Китеп
-
-
8 Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба өзү даңкталгандан кийин мени силерди талап-тоногон элдерге жиберди.+ Ал: „Ким силерге тийсе, менин көзүмдүн карегине тийген болот.+ 9 Аларга каршы колумду көтөрөм, аларды өздөрүнүн кулдары талап-тонойт“,— дейт.+ Ошондо мени асман аскерлеринин Кудайы Жахаба жибергенин билесиңер.
-