Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Лука 12:22—28
    Ыйык Китеп
    • 22 Андан кийин Иса шакирттерине мындай деди: «Ошондуктан силерге айтарым, эмне жээриңерди ойлоп жаныңар үчүн, эмне киериңерди ойлоп денеңер үчүн сарсанаа боло бербегиле*.+ 23 Анткени тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат. 24 Кузгундарды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт. Бир нерсе сактай турган жайы да, кампасы да жок. Бирок Кудай аларды азыктандырат.+ Силер канаттуулардан алда канча баалуу эмессиңерби?!+ 25 Тынчсызданып жатып кимиңер өмүрүңөрдү бир азга* болсо да узарта аласыңар? 26 Эгер ушундай жөнөкөй нерсени кыла албасаңар, анда башка нерселерге эмнеге тынчсызданасыңар?+ 27 Лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. Бирок силерге айтып коёюн, атүгүл Сулайман да, канчалык атак-даңктуу болбосун, алардын бириндей да кийинген эмес.+ 28 Бүгүн талаада өсүп, эртең мешке ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди кантип кийиндирбей койсун, ишеними алсыздар?!

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү