-
Лука 7:18—23Ыйык Китеп
-
-
18 Жакандын шакирттери ага ушулардын баарын айтып барышты.+ 19 Ошондо ал эки шакиртин: «Келе турган Машаяк сенсиңби*+ же башка бирөөнү күтүшүбүз керекпи?» — деп Исадан сурап келгени жөнөттү. 20 Алар Исага барып: «Чөмүлдүрүүчү Жакан бизди сага: „Келе турган Машаяк сенсиңби же башка бирөөнү күтүшүбүз керекпи?“ — деп сурап келгени жиберди»,— дешти. 21 Ошол учурда Иса көптөрдү оору-сыркоолорунан,+ катуу илдеттеринен айыктырып, жиндерди кууп чыгарып, көптөгөн сокурлардын көзүн ачты. 22 Анан Жакандын эки шакиртине: «Баргыла да, Жаканга уккан-көргөнүңөрдү айтып бергиле: сокурлар көрүп,+ аксактар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп,+ өлгөндөр тирилип, жакырларга жакшы кабар жарыяланып жатат.+ 23 Менден шектенбеген* адам бактылуу»,— деди.+
-