Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Марк 3:1—6
    Ыйык Китеп
    • 3 Иса кайрадан сыйынуу жайына кирди. Ал жерде колу сенек* бир киши бар эле.+ 2 Фарисейлер Исаны айыпка жыккысы келип, тиги кишини дем алыш күнү айыктырар бекен деп, тигиле карап турушту. 3 Иса колу сенек кишиге: «Ордуңан туруп, ортого чык»,— деди. 4 Анан тигилерден: «Мыйзам боюнча, дем алыш күнү жакшылык кылыш керекпи же жамандык кылыш керекпи? Жанды сактап калыш керекпи же өлтүрүш керекпи?» — деп сурады.+ Алар унчугушкан жок. 5 Иса алардын жүрөктөрүнүн мерез болуп калганына катуу кейип,+ аларга ачуулана карады да, тиги кишиге: «Колуңду сун»,— деди. Ал сунганда, колу айыгып калды. 6 Ошондо фарисейлер тышка чыгып, Исаны өлтүрүш үчүн Ироддун таламдаштары менен кеңеше башташты.+

  • Лука 6:6—11
    Ыйык Китеп
    • 6 Дем алыш күндөрдүн+ дагы биринде Иса сыйынуу жайына кирип, элди окута баштады. Ал жерде оң колу сенек* бир киши бар эле.+ 7 Диний мыйзамдарды окуткандар менен фарисейлер Исаны айыпка жыгыштын жолун издеп, дем алыш күнү ал кишини айыктырар бекен деп, тигиле карап турушту. 8 Бирок Иса алардын оюн билип,+ колу сенек кишиге: «Ордуңан туруп, ортого чык»,— деди. Ал туруп, ортого чыкты. 9 Иса тигилерге: «Силерге суроо берейин: Мыйзам боюнча, дем алыш күнү жакшылык кылыш керекпи же жамандык кылыш керекпи? Жанды сактап калыш керекпи же өлтүрүш керекпи?» — деди.+ 10 Анан баарын тегерете карап чыккандан кийин тиги кишиге: «Колуңду сун»,— деп айтты. Ал сунганда, колу айыгып калды. 11 Бирок тигилердин каары кайнап, Исаны эмне кылсак деп, өз ара сүйлөшө башташты.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү