Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Марк 3:22—27
    Ыйык Китеп
    • 22 Иерусалимден келген диний мыйзамдарды окуткандар болсо: «Мунун ичине Шайтан* кирип алган! Бул деген жиндерди жиндердин башчысынын күчү менен кууп чыгарып жатат»,— деп жатышты.+ 23 Ошондуктан Иса аларды чакырып алып, мындай мисалдарды айтты: «Шайтан Шайтанды кантип кууп чыгара алсын? 24 Эгер падышалык ич ара бөлүнсө, кулайт.+ 25 Эгер үй-бүлө ич ара бөлүнсө, бузулат. 26 Ошо сыяктуу эле, Шайтан да өзүнө өзү каршы чыгып, анын тарабындагылар ич ара бөлүнсө, ал туруштук бере албайт, акыры жок болот. 27 Күчтүү бирөөнүн үйүнө ууруга кирген киши анын өзүн байламайынча мүлкүн тоной албайт. Аны байлагандан кийин гана тоной алат.

  • Лука 11:15—23
    Ыйык Китеп
    • 15 Бирок кээ бирөөлөр: «Бул деген жиндерди жиндердин башчысы Шайтандын* жардамы менен кууп чыгарып жатат»,— дешти.+ 16 Башкалары болсо аны сынаш үчүн асмандан жышаан көрсөтүшүн талап кылышты.+ 17 Алардын оюн билип,+ Иса мындай деди: «Ич ара бөлүнгөн ар бир падышалык кулайт, ич ара бөлүнгөн үй-бүлө да бузулат. 18 Ошол сыяктуу эле, эгер Шайтан өзүнө өзү каршы чыкса, анын падышалыгы кантип кыйрабай бекем тура алат? Силер болсо мени жиндерди Шайтандын жардамы менен кууп чыгарып жатат дейсиңер. 19 Эгерде мен жиндерди Шайтандын жардамы менен кууп чыгарып жатсам, анда силердин шакирттериңер кимдин жардамы менен кууп чыгарып жатышат? Ошон үчүн айткандарыңардын туура эмес экенин ошолор ашкерелейт. 20 Эгер мен жиндерди Кудайдын күчү*+ менен кууп чыгарып жатсам, анда Кудайдын Падышалыгы келип калганы анык, бирок силер муну баамдаган жоксуңар*.+ 21 Үйүн кайтарган киши жакшы куралданган болсо, күчтүү болсо, мүлкүн эч ким уурдай албайт. 22 Бирок андан күчтүүрөөк бирөө кол салса, жеңип алат да, таянган бүт курал-жарагын тартып алат. Анан тоноп алгандарын башкалар менен бөлүшөт. 23 Ким мен тарапта болбосо, ал мага каршы. Ким мени менен жыйнабаса, ал чачкан болот.+

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү