-
Марк 8:1—9Ыйык Китеп
-
-
8 Ошол күндөрү Исанын жанына дагы көп эл чогулду. Алардын жегенге эч нерсеси жок болгондуктан, Иса шакирттерин чакырып: 2 «Элге боорум ооруп жатат,+ себеби үч күндөн бери жанымда жүрүшөт, жегенге да эч нерсеси жок.+ 3 Үйлөрүнө ачка коё берсем, жолдо алсырап калышат, кээ бирлери алыстан келген»,— деди. 4 Бирок шакирттери: «Ушундай ээн жерде бул элдин баарын тойгузганга кайдан нан табылмак эле?» — дешти. 5 Иса: «Канча наныңар бар?» — деп сурады. Алар: «Жети»,— дешти.+ 6 Ошондо ал жанындагы элдин баарына жерге отурушу керектигин айтты да, жети нанды алып, Кудайга ыраазычылык билдирди. Анан нандарды сындырып, таратыш үчүн шакирттерине бере баштады, алар болсо элге таратышты.+ 7 Аларда бир нече кичинекей балык да бар болчу. Кудайга ыраазычылык билдиргенден кийин Иса балыктарды да таратып берүүнү буйруду. 8 Бардыгы тоё жеди. Жегенден калганын чогултканда, 7 чоң себет толду.+ 9 Ал жерде болсо 4 000дей эркек киши бар эле. Анан Иса элди таратты.
-