-
Марк 14:43—47Ыйык Китеп
-
-
43 Ошол замат, ал сүйлөп бүтө электе эле, 12 элчинин бири Жүйүт колдоруна кылыч, союл көтөргөн бир топ кишини ээрчитип келди. Аларды жогорку дин кызматчылар, диний мыйзамдарды окуткандар менен аксакалдар жиберген эле.+ 44 Чыккынчы Жүйүт аларга: «Мен кимди өпсөм, ошону кармагыла да, жакшылап кайтарып алып кеткиле» — деп, кандай белги берерин айткан болчу. 45 Анан түз эле Исаны көздөй басып, жанына барды да: «Устат!» — деп, аны акырын өөп койду. 46 Ошондо тигилер келип, Исаны кармашты. 47 Бирок ошол жерде тургандардын бири кылычын сууруп чыгып, башкы дин кызматчынын кулунун кулагын шылый чапты.+
-
-
Лука 22:47—51Ыйык Китеп
-
-
47 Ал сүйлөп бүтө электе эле, 12 элчинин бири Жүйүт бир топ кишини ээрчитип келди да, Исаны өбүш үчүн жанына барды.+ 48 Ошондо Иса: «Жүйүт, адам Уулун өөп туруп сатканы жатасыңбы?» — деди. 49 Эмне болорун түшүнгөндө жанындагылары Исага: «Мырзам, кылыч менен чаап салалыбы?» — дешти. 50 Атүгүл бири башкы дин кызматчынын кулунун оң кулагын шылый чапты.+ 51 Бирок Иса: «Болду, токтоткула!» — деди да, кулдун кулагына колун тийгизип, айыктырып койду.
-