-
Марк 14:55—59Ыйык Китеп
-
-
55 Ал ортодо жогорку дин кызматчылар менен Жогорку соттун* бардык мүчөлөрү Исаны өлүм жазасына тартыш үчүн ага жалаа жаба тургандарды издеп жатышты, бирок эч кимди таба алышкан жок.+ 56 Аны көптөгөн жалган күбөлөр айыптаса да,+ койгон айыптары бири-бириникине дал келбей жатты. 57 Дагы бирөөлөр болсо ордунан туруп, ага каршы күбөгө өтүп: 58 «Биз мунун: „Кол менен салынган бул ибадаткананы бузуп, үч күндүн ичинде кол менен салынбаган башка ибадаткана тургузам“,— деп айтканын укканбыз»,— дешти.+ 59 Бирок алардын койгон айыптары да бири-бириникине дал келген жок.
-