-
Матай 9:23—26Ыйык Китеп
-
-
23 Сыйынуу жайынын башчысынын үйүнө барып, кайгылуу күүлөрдү ойноп жаткан чоорчуларды, ыйлап, чуру-чуу түшүп жаткан элди көргөндө+ 24 Иса: «Бул жерден чыккыла. Кыз өлгөн жок, уктап жатат»,+— деди. Муну укканда алар аны шылдыңдап күлө башташты. 25 Эл сыртка чыгарылары менен, Иса кыз жаткан бөлмөгө кирип, аны колунан кармаганда,+ кыз ордунан турду.+ 26 Бул тууралуу ошол аймактагылардын баары укту.
-
-
Лука 8:51—56Ыйык Китеп
-
-
51 Аныкына барганда Иса Петирди, Жаканды, Жакыпты жана кыздын ата-энесин ээрчитип үйгө кирди. Алардан башка эч кимди киргизген жок. 52 Чогулган эл кызды жоктоп ыйлап, төштөрүн ургулап кайгырып жатышкан эле. Иса аларга: «Ыйлабагыла.+ Кыз өлгөн жок, уктап жатат»,— деди.+ 53 Муну укканда алар шылдыңдап күлө башташты, себеби кыздын өлүп калганын билишкен. 54 Иса болсо кызды колунан алып: «Кызым, тур!» — деди.+ 55 Ал тирилип*,+ ошол замат ордунан турду.+ Иса: «Кызга тамак бергиле»,— деп айтты. 56 Төбөсү көккө жете кубанган ата-энеси аң-таң болуп жатты. Иса болсо аларга бул окуя тууралуу эч кимге айтпашы керектигин буйрук кылды.+
-