-
Матай 15:22—28Ыйык Китеп
-
-
22 Ошол аймактардан финикиялык бир аял келип: «Мырзам, Дөөтүнүн Уулу, мага кайрымдуулук кыла көр. Ичине жин кирип алып, кызым аябай кыйналып жатат»,— деп үнүн катуу чыгарып жалбара баштады.+ 23 Бирок Иса эчтеке деп жооп берген жок. Ошондо шакирттери жанына келип: «Бул аялды кетирип жиберчи, артыбыздан калбай кыйкырып келатат»,— дешти. 24 Ал: «Мен баарына эмес, жоголгон койлорго окшогон ысрайылдыктарга гана жардам бергенге жиберилгем»,+— деп жооп берди. 25 Бирок аял Исанын жанына келип, чөгөлөп: «Мырзам, жардам берчи!» — деди. 26 Иса болсо: «Балдардан нанды алып, күчүктөргө берген туура болбой калат»,— деп айтты. 27 Аял: «Туура, Мырзам. Бирок күчүктөр деле кожоюндарынын үстөлүнөн түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи»,— деди.+ 28 Ошондо Иса: «Ишенимиң күчтүү экен. Сен каалагандай болсун»,— деди. Ошол замат кызы айыгып калды.
-