-
Матай 22:23—28Ыйык Китеп
-
-
23 Өлгөндөрдүн тирилерине ишенбеген садукейлер+ ошол күнү Исага келип:+ 24 «Устат, Муса: „Эгерде кимдир бирөө бала көрбөй өтүп кетсе, аялын бир тууганы алып, анын тукумун уласын“,— деген болчу.+ 25 Арабызда жети бир тууган бар эле. Биринчиси үйлөнүп, тукум калтырбай өтүп кетти. Анын аялын экинчиси алды. 26 Бирок ал да, андан кийин үчүнчүсү да, ошентип, жетөө тең бала көрбөй өтүп кетишти. 27 Акырында аял да көз жумду. 28 Өлгөндөр тирилгенде, ал жети бир туугандын кимисинин аялы болот? Анткени аны баары алышкан болчу»,— деп сурашты.
-
-
Лука 20:27—33Ыйык Китеп
-
-
27 Андан кийин өлгөндөрдүн тирилерине ишенбеген садукейлердин+ кээ бирлери келип, Исадан:+ 28 «Устат, Муса: „Эгер кимдир бирөө бала көрбөй өтүп кетсе, аялын бир тууганы алып, анын тукумун уласын“,— деп жазган болчу.+ 29 Жети бир тууган бар эле. Биринчиси аял алып, баласыз өтүп кетти. 30 Анын аялына экинчиси, 31 анан үчүнчүсү үйлөндү. Ошентип, ага жетөө тең үйлөнүштү, бирок баары бала көрбөй өтүп кетишти. 32 Акырында аял да көз жумду. 33 Өлгөндөр тирилгенде, ал кимисинин аялы болот? Анткени аны жетөө тең алышкан болчу да»,— деп сурашты.
-