-
Лука 20:45—47Ыйык Китеп
-
-
45 Бүт эл Исанын сөздөрүн угуп турганда, ал шакирттерине: 46 «Диний мыйзамдарды окуткандардан сак болгула. Алар узун кийим кийип жүргөндү, базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын, сыйынуу жайларында алдыңкы* орундарда отурганды, тойлордо төрдөн орун алганды жакшы көрүшөт.+ 47 Жесирлердин мал-мүлкүн талап-тоношот, элге көрүнүш үчүн Кудайдан узакка тиленишет. Ошон үчүн аларга алда канча катуу өкүм чыгарылат»,— деди.
-