-
Матай 12:1—8Ыйык Китеп
-
-
12 Дем алыш күндөрдүн* биринде Иса эгин талааларын аралап баратты. Жанындагы шакирттери ачка болгондуктан буудайдын башын үзүп, жей башташты.+ 2 Муну көргөн фарисейлер Исага: «Карачы, шакирттериң дем алыш күнү кылганга болбой турган ишти кылып жатышат»,+— дешти. 3 Ошондо Иса: «Өзү да, жанындагы кишилери да ачка болгондо, Дөөтүнүн эмне кылганын окуган эмес белеңер?+ 4 Ал Кудайдын үйүнө кирип, кишилери менен ыйык нандардан*+ жегенин билбейсиңерби? Аларды дин кызматчылардан башка эч ким: Дөөтү да, жанындагылары да жебеши керек болчу.+ 5 Же дем алыш күндөрү ибадатканада жумуш кылышса да, дин кызматчылардын айыптуу болбой турганын Мусанын Мыйзамынан окуган эмес белеңер?+ 6 Силерге айтып коёюн, бул жерде ибадатканадан да улук бирөө бар.+ 7 Эгерде: „Мен курмандык чалышыңарды эмес,+ башкаларга кайрымдуу болушуңарды каалайм“,+— деген сөздөр эмнени билдирерин түшүнсөңөр, айыбы жокторду күнөөлөбөйт болчусуңар. 8 Анткени адам Уулу — дем алыш күндүн Кожоюну»,— деди.+
-
-
Марк 2:23—28Ыйык Китеп
-
-
23 Дем алыш күндөрдүн* биринде Иса эгин талааларын аралап баратканда, жанындагы шакирттери буудайдын башын үзүп, жей башташты.+ 24 Ошондо фарисейлер Исага: «Буларды карачы! Эмнеге дем алыш күнү кылганга болбой турган ишти кылып жатышат?» — дешти. 25 Ал: «Тамак-ашы түгөнүп, өзү да, жанындагы кишилери да ачка болгондо, Дөөтүнүн эмне кылганын эч качан окуган эмес белеңер?+ 26 Жогорку дин кызматчы Абыятар+ жөнүндөгү баянда жазылгандай, Дөөтү Кудайдын үйүнө кирип, ал жердеги ыйык нандардан* жеген, жанындагы кишилерине да берген. Аларды дин кызматчылардан башка эч ким жебеши керек болчу да.+ Бул жөнүндө билбейсиңерби?» — деди. 27 Анан: «Кудай адамды дем алыш күнгө байланышкан эрежелерге баш ийсин деп жараткан эмес. Ал дем алыш күндү адамдын пайдасы үчүн бекиткен.+ 28 Ошондуктан адам Уулу — дем алыш күндүн да Кожоюну»,— деди.+
-