4Петир менен Жакан элге сүйлөп жатканда, алардын жанына дин кызматчылар*, ибадаткананын күзөт башчысы жана садукейлер*+ барышты. 2 Алар эки элчинин элди окутуп, Исанын тирилгени жөнүндө ачык жарыялап жатышканына кыжырланып,+
27 Ошентип, элчилерди Жогорку соттун залына алып киришти. Башкы дин кызматчы аларды суракка алып: 28 «Биз силерге ал кишинин атынан окутпагыла деп тыюу салбадык беле.+ Силер болсо окууларыңарды бүт Иерусалимге жайылтып, анын өлүмүнө бизди күнөөлүү кылып көрсөткүңөр бар»,+— деди.