9 Кудай өзүнүн жалгыз Уулун,+ ал аркылуу түбөлүк өмүр алышыбыз үчүн, дүйнөгө жиберген. Ал бизди сүйөрүн ушинтип көрсөткөн.+ 10 Андай сүйүүнүн маани-маңызы мындай: биз Кудайды эмес, Кудай бизди сүйүп, өз Уулун күнөөлөрүбүздү жууй турган,+ өзү менен элдештире турган курмандык катары жиберген.+