-
Элчилер 6:8Ыйык Китеп
-
-
8 Кудай зор күч берип, анын колдоосуна ээ болгон Степан эл арасында керемет-жышаандарды көрсөтүп жүрдү.
-
-
Элчилер 15:12Ыйык Китеп
-
-
12 Ошондо ал жердегилердин баары тынчтанып, Барнаба менен Пабылды уга башташты. Экөө Кудайдын аларга башка элдердин арасында көптөгөн керемет-жышаандарды көрсөткөнгө жардам бергенин айтып беришти.
-
-
Римдиктерге 15:18, 19Ыйык Китеп
-
-
18 Мен өзүм кылган эч бир нерсе жөнүндө айтканга батынбайм. Башка элдер Машаякка баш ийиши үчүн, ал мен аркылуу эмнелерди кылса жана айтса, ошолор жөнүндө гана айтам. 19 Ал элдер Кудайдын ыйык руху менен жасалган керемет-жышаандардан+ улам да баш ийишти. Ошентип, мен Иерусалимден Илирикке чейинки аймакты кыдырып, Машаяк жөнүндөгү жакшы кабарды толугу менен* жарыяладым.+
-