-
Эфестиктерге 3:5, 6Ыйык Китеп
-
-
5 Ал сыр мурунку муундарга азыркыдай ачылып берилген эмес. Азыр болсо Кудай аны өзү тандап алган* элчилери менен пайгамбарларына ыйык руху аркылуу айкын ачып берди.+ 6 Ал сыр мындай: башка элдердин арасынан жакшы кабарды* кабыл алып, Машаяк Исанын жолдоочусу болгондор биз менен чогуу Иса менен мурасташ болушат жана бир денени түзүшөт,+ ошондой эле Кудай бизге убада кылган нерселерди алар да алышат.
-