Микей
4 Акыркы күндөрдө
Жахабанын үйү турган тоо+
Бардык тоолордун чокусунан бийик көтөрүлүп, козголгус болот,
Адырлардан жогору көтөрүлөт,
Ага элдер агылып келет.+
2 Көптөгөн элдер келип:
«Жүргүлө, Жахабанын тоосуна чыгып,
Жакыптын Кудайынын үйүнө баралы.+
Ал бизге өзүнүн жолун көрсөтөт*,
Биз анын жолу менен жүрөбүз»,— дешет.
Анткени Сиондон мыйзам*,
Иерусалимден Жахабанын сөзү чыгат.
Алар кылычтарынан соконун тишин,
Найзаларынан багбандын бычагын жасашат.+
Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт,
Мындан ары согушканды үйрөнбөйт.+
4 Ар бири өзүнүн жүзүмү менен өзүнүн анжиринин астында отурат*.+
Аларды эч ким коркутпайт,+
Себеби муну асман аскерлеринин Кудайы Жахаба айтты.
5 Бардык элдер, ар бири өз кудайынын аты менен аталат*,
Биз болсо түбөлүктөн түбөлүккө Жахаба Кудайыбыздын аты менен аталганыбызга ылайык жашайбыз*.+
6 «Ошол күнү,— дейт Жахаба,—
Мен, Жахаба, ошондон тартып түбөлүккө
Сион тоосунан аларга падышалык кылам.
8 Сага болсо, койчулар оторуна көз салып турган мунара,
Баштапкы бийлигиң кайтарылып берилет,+
Иерусалим кызына таандык падышалык кайтарылат.+
9 Анда эмнеге өкүрүп жатасың?
Төрөп жаткан аялга окшоп кыйналгыдай,+
Эмне, падышаң жокпу?
Же эмне, кеңешчиңден айрылдыңбы?
10 Сион кызы, төрөп жаткан аялга окшоп
Катуу кыйнал, онто.
Себеби сен шаардан чыгып, талаада жашаганга аргасыз болосуң.
Ошол жактан Жахаба сени душмандарыңдын колунан сатып алат.+
11 Көптөгөн элдер сага каршы чогулушат,
Алар: „Сион арамдалса экен,
Анын арамдалганын көрсөк экен“,— дешет.
12 Бирок алар Жахабанын ойлорун билишпейт,
Анын ой-ниетин түшүнүшпөйт.
Ал баарын чогултуп, кырманга топтолгон жаңы орулган эгинди бастыргандай бастырат.