25 Булар да Жүйүттүн падышасы Хискиянын+ кишилери көчүрүп жазган Сулаймандын накыл сөздөрү.+
2 Кудай ишти жашыруун сактагандыктан даңкталат,
Ал эми падышалар ишти жакшылап изилдегендиктен+ даңкталат.
3 Асман кандай бийик, жердин түбү кандай терең болсо,
Падышалардын жүрөгү да ошондой изилденгис.
4 Күмүштөн кошундуну бөлүп ташта,
Ошондо күмүш таптаза болуп калат.+
5 Падышанын жанындагы ыймансызды кетир,
Ошондо анын тактысы адилдик менен бекемделет.+
6 Падышанын алдында өзүңө урмат-сый ыйгарба,+
Атактуулардын арасынан орун алба.+
7 Падышанын сени аттуу-баштуу кишинин алдында кемсинткенине караганда,
Сага: «Кел, бул жакка өт»,— деп айтканы жакшы.+
8 Бирөө менен соттошконго шашпа,
Болбосо кийин ал айыбыңды ачса, эмне кыласың?+
9 Аны менен болгон талашыңды териштир,+
Бирок купуя айткан сөзүн башкага айтпа.+
10 Болбосо уккан киши сени уятка калтырат,
Жамандап айткан сөздөрүңдү да артка кайрый албай каласың.
11 Өз учурунда айтылган сөз
Күмүш идиштеги алтын алмадай.+
12 Алтын сөйкө менен таза алтындан жасалган жасалга кандай болсо,
Акылдуунун ашкерелегени да уккан кулакка ошондой.+
13 Оруп-жыюу маалында кардын салкын илеби кандай болсо,
Ишеничтүү кабарчы да аны жибергендер үчүн ошондой,
Анткени ал мырзасынын жанын сергитет.+
14 Эч качан бербей турган белеги менен мактанган киши
Жаансыз булут менен кургак шамалдай.+
15 Чыдамдуу болуп башчыны да ийге келтирсе болот,
Жумшак тил сөөктү сындырат.+
16 Бал тапсаң, канча керек болсо, ошончо гана же,
Анткени өтө көп жесең, кусасың.+
17 Жакыныңдын үйүнө көп бара бербе,
Болбосо ал тажап, сени жек көрүп калышы мүмкүн.
18 Ким жакынына каршы күбөгө өтүп, жалаа жапса,+
Ал союлдай, кылычтай, курч жебедей.
19 Сынган тиш менен аксаган бут кандай болсо,
Кыйын кезеңде ишеничтүү эмес кишиге таянуу да ошондой.
20 Кайгылуу жүрөккө ыр ырдаган киши+
Күн суукта кийимин чечкен кишиге,
Шакарга кычкыл шарап куйганга окшош.
21 Душманың ачка болсо, жегенге нан бер;
Суусап турса, ичкенге суу бер.+
22 Ошондо анын жүрөгүн жибитесиң,+
Жахаба болсо сага сыйлык берет.
23 Түндүктөн соккон шамал нөшөр жаадырат,
Ушак сөз каарды кайнатат.+
24 Урушчаак аял менен бир үйдө жашагандан көрө,
Үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган артык.+
25 Чарчап-чаалыккан жанга муздак суу кандай болсо,
Алыскы жерден келген жакшы кабар да ошондой.+
26 Ыймансыздын таасирине алдырган адил киши
Ылайланган булакка, суусу кирдеп калган кудукка окшош.
27 Балды өтө көп жеген жакшы эмес,+
Адамдын өзүнө даңк издегени да жакшы эмес.+
28 Талкаланган, дубалы жок шаар кандай болсо,
Өзүн башкара албаган киши да ошондой.+