Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
Кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Насаатчы 7
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Насаатчы. Мазмуну

      • Жакшы ат; өлгөн күн (1—4)

      • Акылдуунун жемеси (5—7)

      • Иштин аягы башталышынан жакшы (8—10)

      • Акылмандыктын артыкчылыгы (11, 12)

      • Жакшылык болгон күн, кырсык баскан күн (13—15)

      • Тең салмактуу болуу (16—22)

      • Насаатчынын изилдеп-иликтеп, түшүнгөндөрү (23—29)

Насаатчы 7:1

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 10:7; 22:1; Ыш 56:5; Лк 10:20

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Кудайдын сүйүүсү», 177—178-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/4/2008, 25-б.

    1/7/1997, 11—13-бб.

Насаатчы 7:2

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 5:11, 12

Насаатчы 7:3

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 119:71; Лк 6:21
  • +Кр2к 7:10; Ев 12:11

Насаатчы 7:4

Шилтемелер

  • *

    Же: «Акылдуулардын жүрөгү күйүт тартып жаткан үйдө, ал эми акылсыздардын жүрөгү тойлоп жаткан үйдө».

Байланышы бар аяттар

  • +Шм1к 25:36; Нкл 21:17

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/4/2008, 22-б.

Насаатчы 7:5

Шилтемелер

  • *

    Же: «мактаганын».

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 141:5; Нкл 15:31

Насаатчы 7:6

Байланышы бар аяттар

  • +Нс 2:2

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2006, 15-б.

Насаатчы 7:7

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 23:8; Мз 16:19; Шм1к 8:1—3; Нкл 17:23

Насаатчы 7:8

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 13:10; Жкп. 5:10; Пт1к 5:5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/9/2000, 4-б.

Насаатчы 7:9

Шилтемелер

  • *

    Же балким: «акылсыздыктын белгиси».

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 16:32; Жкп. 1:19
  • +Бш 4:5; Эст 5:9; Нкл 14:17, 29; 29:11

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Адамдарга арналган китеп», 25—26-бб.

Насаатчы 7:10

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 9:62

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    11/2020, 25-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/3/2012, 26—27-бб.

Насаатчы 7:12

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 10:15
  • +Нкл 4:5, 6
  • +Нкл 3:13, 18; 8:35; 9:11

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 37-сабак

Насаатчы 7:13

Байланышы бар аяттар

  • +Ап 9:12; Ыш 14:27

Насаатчы 7:14

Байланышы бар аяттар

  • +Жкп. 5:13
  • +Ап 2:10; Ыш 45:7
  • +Нкл 27:1; Нс 9:11; Жкп. 4:13, 14

Насаатчы 7:15

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 39:5
  • +Бш 4:8; Шм1к 22:18
  • +Ап 21:7; Зб 73:12

Насаатчы 7:16

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 65:5; Мт 6:1; Рим. 10:3; 14:10
  • +Нкл 3:7; Рим. 12:3
  • +Нкл 16:18

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 35-сабак

    «Күзөт мунарасы»,

    15/10/2010, 9-б.

    1/8/1998, 21-б.

    «Жаштардын суроолору. 2-том», 228-б.

Насаатчы 7:17

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 14:1; Нкл 14:9
  • +Зб 55:23; Нкл 10:27

Насаатчы 7:18

Байланышы бар аяттар

  • +Флп. 4:5

Насаатчы 7:19

Байланышы бар аяттар

  • +Нкл 21:22; 24:5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/11/2006, 15-б.

Насаатчы 7:20

Байланышы бар аяттар

  • +Жл2к 6:36; Зб 51:5; Рим. 3:23; Жн1к 1:8

Насаатчы 7:21

Шилтемелер

  • *

    Же: «каргап».

Байланышы бар аяттар

  • +Шм1к 24:9

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 51-сабак

Насаатчы 7:22

Байланышы бар аяттар

  • +Жкп. 3:2, 8, 9

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!», 51-сабак

Насаатчы 7:24

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 36:6; 139:6; Ыш 55:9; Рим. 11:33

Насаатчы 7:25

Байланышы бар аяттар

  • +Нс 1:17; 2:12

Насаатчы 7:26

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «ачуу».

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 39:7—9
  • +Нкл 5:3, 14; 7:22, 23; 22:14

Насаатчы 7:27

Байланышы бар аяттар

  • +Нс 1:1

Насаатчы 7:28

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/1/2015, 28—29-бб.

Насаатчы 7:29

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 1:26, 31
  • +Бш 3:6; 6:12; Мз 32:5

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Нас. 7:1Нкл 10:7; 22:1; Ыш 56:5; Лк 10:20
Нас. 7:2Ыш 5:11, 12
Нас. 7:3Зб 119:71; Лк 6:21
Нас. 7:3Кр2к 7:10; Ев 12:11
Нас. 7:4Шм1к 25:36; Нкл 21:17
Нас. 7:5Зб 141:5; Нкл 15:31
Нас. 7:6Нс 2:2
Нас. 7:7Чг 23:8; Мз 16:19; Шм1к 8:1—3; Нкл 17:23
Нас. 7:8Нкл 13:10; Жкп. 5:10; Пт1к 5:5
Нас. 7:9Нкл 16:32; Жкп. 1:19
Нас. 7:9Бш 4:5; Эст 5:9; Нкл 14:17, 29; 29:11
Нас. 7:10Лк 9:62
Нас. 7:12Нкл 10:15
Нас. 7:12Нкл 4:5, 6
Нас. 7:12Нкл 3:13, 18; 8:35; 9:11
Нас. 7:13Ап 9:12; Ыш 14:27
Нас. 7:14Жкп. 5:13
Нас. 7:14Ап 2:10; Ыш 45:7
Нас. 7:14Нкл 27:1; Нс 9:11; Жкп. 4:13, 14
Нас. 7:15Зб 39:5
Нас. 7:15Бш 4:8; Шм1к 22:18
Нас. 7:15Ап 21:7; Зб 73:12
Нас. 7:16Ыш 65:5; Мт 6:1; Рим. 10:3; 14:10
Нас. 7:16Нкл 3:7; Рим. 12:3
Нас. 7:16Нкл 16:18
Нас. 7:17Зб 14:1; Нкл 14:9
Нас. 7:17Зб 55:23; Нкл 10:27
Нас. 7:18Флп. 4:5
Нас. 7:19Нкл 21:22; 24:5
Нас. 7:20Жл2к 6:36; Зб 51:5; Рим. 3:23; Жн1к 1:8
Нас. 7:21Шм1к 24:9
Нас. 7:22Жкп. 3:2, 8, 9
Нас. 7:24Зб 36:6; 139:6; Ыш 55:9; Рим. 11:33
Нас. 7:25Нс 1:17; 2:12
Нас. 7:26Бш 39:7—9
Нас. 7:26Нкл 5:3, 14; 7:22, 23; 22:14
Нас. 7:27Нс 1:1
Нас. 7:29Бш 1:26, 31
Нас. 7:29Бш 3:6; 6:12; Мз 32:5
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
Ыйык Китеп
Насаатчы 7:1—29

Насаатчы

7 Жакшы ат кымбат баалуу майдан артык,+ адамдын өлгөн күнү туулган күнүнөн артык. 2 Той болуп жаткан үйгө барганча, күйүт тартып жаткан үйгө барган артык.+ Себеби ар бир адамдын башында өлүм бар; тирүү жүргөн адам муну көкүрөгүнө түйүп алсын. 3 Күлкүгө караганда кайгы жакшы,+ себеби кайгыргандын аркасында адам жакшырат.+ 4 Күйүт тарткандардын үйүнө барган акылдуу адам жашоонун маңызы, өлүм жөнүндө терең ойлонот. Ал эми акылсыздын оюнун баары шаан-шөкөт*.+

5 Акылсыздардын ырын* уккандан көрө, акылдуунун жемесин уккан жакшы.+ 6 Анткени акылсыздын күлкүсү казандын алдындагы тикенектин чатырап күйгөнүндөй.+ Мунун да маңызы жок. 7 Кысым акылдууну акылсыздык кылганга түртүшү мүмкүн, пара жүрөктү бузушу мүмкүн.+

8 Иштин аягы башталышынан жакшы. Бой көтөргөндөн көрө сабырдуу болгон жакшы.+ 9 Таарынганга шашпа,+ анткени таарыныч акылсыздардын көкүрөгүндө уялайт*.+

10 «Мурунку күндөр азыркы күндөргө караганда жакшы болчу»,— дебе. Себеби антип айтканың акылдуулукка жатпайт.+

11 Мурасты акылман киши алса жакшы, акылмандык күн астында тирүү жүргөндөргө пайда алып келет. 12 Себеби акылмандык, акча сыяктуу эле,+ коргойт.+ Бирок билим менен акылмандыктын акчадан артыкчылыгы аларга ээ болгондордун өмүрүн сактаганында.+

13 Чыныгы Кудайдын иштери жөнүндө ой жүгүрт: ал ийри кылган нерсени ким түздөй алат?+ 14 Жакшылык болгон күнү башкаларга жакшылык кыл.+ Ал эми кырсык баскан күнү муну эсиңден чыгарба: ошол эки күндүн тең болушуна чыныгы Кудай жол берет,+ ошол себептен адамдар өздөрүнүн келечекте эмнелерге кабыларын билишпейт.+

15 Убаракерчиликке толгон жашоомдо+ баарын: адил кишинин адилдигине карабай өлгөнүн да,+ ыймансыздын ыймансыздыгына карабай узак өмүр сүргөнүн да көрдүм.+

16 Өтө адилсинбе,+ өтө акылдуусунба.+ Өзүңдү өзүң ойрон кылып эмне кыласың?+ 17 Ыймансыздыкка берилбе, акылсыз да болбо.+ Мезгилсиз өлгөнүңдүн кереги эмне?+ 18 Андан көрө, ушул эки кеңешке тең кулак сал, экөөнү тең четке какпа.+ Себеби Кудайдан корккон адам экөөнө тең кулак салат.

19 Акылмандык акылдуу кишини шаардагы 10 күчтүү кишиден да күчтүү кылат.+ 20 Жер үстүндө ар дайым жакшылык кылып, эч качан күнөөгө батпаган бир да адил киши жок.+

21 Айтылган ар бир сөзгө эле маани бере бербе,+ болбосо кулуңдун сени жамандап* жатканын угуп калышың мүмкүн. 22 Анткени өзүң деле башкаларды көп жолу жамандаганыңды жакшы билесиң.+

23 Ушунун баарын акылмандык менен изилдеп көрдүм. Анан өзүмчө: «Акылман болом»,— дедим. Бирок акылман боло алган жокмун. 24 Адам баласы баарын эле түшүнө албайт, түшүнгөнгө өтө кыйын болгон нерселер бар. Баарын ким түшүнө алат?+ 25 Мен акылмандыкты, бардык нерсенин себебин билейин, изилдеп-иликтейин деп чечтим. Ошондой эле акылсыздардын ыймансыздыгын, наадандардын эси жоктугун түшүнгөнгө аракет кылып көрөйүн дедим.+ 26 Анан муну түшүндүм: жүрөгү тузактай, колу кишендей, өзү аңчынын торундай болгон аял өлүмдөн да жаман* экен. Чыныгы Кудайга жаккан киши андай аялдан качып кутулат,+ ал эми күнөөгө баткан киши анын колуна түшөт.+

27 Насаатчы+ мындай деди: «Мен мына муну түшүндүм: тыянак чыгарыш үчүн улам бир нерсени изилдеп көрдүм, 28 бирок канчалык умтулсам да, түбүнө жеткен жокмун. Миңдин арасынан бир адил эркек таптым, бирок бир да аял тапкан жокмун. 29 Ошентип, муну гана түшүндүм: чыныгы Кудай адамдарды адил кылып жаратыптыр,+ бирок алар өздөрүнүн ой-максаттарын көздөп кетишиптир».+

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • Кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү