105 Жахабага ыраазычылык билдиргиле,+ аны атынан чакыргыла,
Иштерин элдер арасында жар салгыла!+
2 Ага арнап, аны даңктап ыр ырдагыла,
Бардык кереметтүү иштери тууралуу ой жүгүрткүлө.+
3 Анын ыйык ысмы менен мактангыла.+
Жахабага кайрылгандардын жүрөгү кубансын.+
4 Жахабага кайрылгыла,+ андан күч-кубат сурагыла,
Ар дайым андан жардам издегиле.
5 Жасап келген ажайып иштерин,
Кереметтерин, чыгарган өкүмдөрүн унутпагыла,+
6 Оо, Кудайдын кызматчысы Ыбрайымдын тукумдары,+
Жакыптын урпактары, Кудайдын тандалгандары.+
7 Ал — биздин Кудайыбыз Жахаба;+
Ал бүт жер жүзүнө өкүм чыгарат.+
8 Ал келишимин түбөлүккө,+
Убадасын, миң муун өтсө да, унутпайт.+
9 Ыбрайым менен түзгөн ошол келишимин,+
Ыскакка берген антын эстен чыгарбагыла.+
10 Ал ошол антын Жакыпка мыйзам катары,
Ысрайылга кылымдарга түзүлгөн келишим катары берген.
11 Ага: «Канаан жерин сага берем,+
Аны энчиңе берем»,— деген.+
12 Ошол кезде алардын саны аз эле,+
Ооба, өтө аз эле. Алар ал жерде келгин болуп жашашкан.+
13 Бир элден бир элге,
Бир падышалыктан бир падышалыкка көчүп-конуп жүрүшкөн.+
14 Кудай аларды эч кимге кор кылган эмес,+
Аларга болушуп, падышаларды ашкерелеген.+
15 «Мен тандап алгандарга тийбегиле,
Пайгамбарларыма жамандык кылбагыла»,— деген.+
16 Ал жерге ачарчылык каптаткан,+
Элди нансыз калтырган.
17 Алардан мурун бир кишини жиберген.
Ал кулчулукка сатылган Жусуп болчу.+
18 Анын бутуна кишен,+
Мойнуна чынжыр салышкан.
19 Жахабанын айткандары аткарылганга чейин,
Анын сөзү Жусупту тазарткан.+
20 Падыша буйрук берип, аны түрмөдөн бошоткон,+
Элдерди бийлеген ошол башчы коё берген.
21 Аны ак сарайынын үстүнөн койгон,
Бүт мүлкүн башкарганга дайындаган.+
22 Ага төрөлөрүн өзү каалагандай башкарганга,
Аксакалдарына акыл үйрөткөнгө укук берген.+
23 Кийин Ысрайыл Мисирге барган,+
Жакып Хамдын жеринде келгин болуп жашаган.
24 Кудай өз элин аябай көбөйтүп,+
Душмандарынан күчтүү кылган.+
25 Ал душмандарга элин жек көрүп,
Аларга жамандык ойлоп тапканга жол берген.+
26 Анан кызматчысы Мусаны,+
Өзү тандап алган Арунду+ жиберген.
27 Алар элдин арасында Кудайдын жышаандарын,
Хамдын жеринде кереметтерин көрсөтүшкөн.+
28 Кудай караңгылык каптатканда, ал жер караңгы болуп калган;+
Алар анын сөзүнө баш ийишкен.
29 Мисирдин сууларын канга айлантып,
Балыктарын кырган.+
30 Алардын жерин бака баскан,+
Атүгүл падышанын бөлмөлөрүн да каптаган.
31 Кудайдын буйругу боюнча, көгөөндөр учуп келген,
Бүт жерин кара чиркей каптап кеткен.+
32 Ал жамгыр ордуна мөндүр жаадырган,
Алардын жерине чагылган түшүргөн.+
33 Жүзүмдөрүн, анжир дарактарын бүлдүрүп,
Жериндеги бак-дарактын баарын сындырган.
34 Анын буйругу боюнча, чегирткелер,
Сан жетпеген жаш чегирткелер учуп келген.+
35 Алар өлкөдөгү бүт өсүмдүктөрдү,
Жерден өнүп чыккандын баарын жеп кеткен.
36 Анан Кудай ошол жердеги тундардын баарын,
Туңгучтардын бардыгын кырып салган.+
37 Өз элин алтын-күмүш менен кошо алып чыккан,+
Урууларынын арасында алсыз эч ким болгон эмес.
38 Алар чыгып баратканда, Мисирдин эли сүйүнгөн,
Анткени ысрайылдыктардан коркуп калышкан эле.+
39 Кудай элин коргош үчүн булут менен тосуп койгон,+
Түнкүсүн жарык болушу үчүн, от берген.+
40 Алар эт сураганда, бөдөнө жиберген,+
Элин асмандан түшкөн нанга тойгузуп турган.+
41 Асканы жарганда, суу оргуштап чыккан,+
Какшыган жерде суу дайрадай аккан.+
42 Анткени ал кызматчысы Ыбрайымга берген ыйык убадасын эсинде сактаган.+
43 Ошентип, өз элин азаттыкка чыгарган,+
Эли шаттанган, тандалгандары кубанганынан кыйкырган.
44 Аларга башка элдердин жерин берген,+
Алар башка элдердин мээнет кылып тапкан нерселерин ээлеген.+
45 Кудай мунун баарын эли буйруктарын аткарышы үчүн,+
Мыйзамдарына карманышы үчүн кылган.
Жахты даңктагыла!