Жылнаама 1-китеп
17 Ак сарайында жашай баштаганынан көп өтпөй Дөөтү Натан+ пайгамбарга: «Мен бал карагайдан салынган үйдө жашап жатам,+ Жахабанын келишим сандыгы болсо дагы эле чатырда турат»,— деди.+ 2 Натан ага: «Эмнени кааласаң, ошону ишке ашыра бер, анткени чыныгы Кудай сени колдоп келатат»,— деди.
3 Бирок ошол түнү Кудай Натанга мындай деди: 4 «Барып, кулум Дөөтүгө мындай деп айт: „Жахаба: “Мен жашай турган үйдү сен курбайсың.+ 5 Ысрайыл элин Мисирден алып чыккан күндөн тартып ушу күнгө чейин үйдө жашаган жокмун, мен чатырда, ыйык чатырда көчүп-конуп жашап келатам.+ 6 Ысрайыл эли менен жүргөнүмдө: “Эмне үчүн мага бал карагайдан үй курбайсыңар?” — деп айттым беле? Ысрайылдын бийлеринин, элимди койчудай кайтарганга дайындалгандардын, кимисине ушинтип айттым эле?” — дейт“.
7 Кулум Дөөтүгө мындай де: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Мен сени кой кайтарып жүргөн жериңден алдыртып, ысрайыл элиме жол башчы кылып дайындагам.+ 8 Кайда барба, сени колдоп жүрөм,+ душмандарыңдын баарын кырып жок кылам,+ атыңды жер жүзүндөгү атактуу адамдардыкындай таанымал кылам.+ 9 Ысрайыл элиме жер берип, аларды ошол жерге отурукташтырам. Алар ошол жерде жашайт, эч ким элимдин тынчын албайт. Ыймансыздар аларга мурункудай болуп кысым көрсөтүшпөйт,+ 10 мен ысрайыл элиме бийлерди дайындаган+ убактагыдай болуп аларды кысымга алышпайт.+ Мен сага: “Жахаба тукумдарыңды падыша кылат*”,— деп да айткам.
11 Сен ата-бабаларыңдай эле көз жумуп, көргө коюлгандан кийин, ордуңа тукумуңду — уулдарыңдын бирин — коюп,+ бийлигин бекемдейм.+ 12 Мага үйдү ошол курат,+ мен анын тактысын түбөлүккө бекем кылам.+ 13 Ага ата болом, ал менин уулум болот.+ Сага чейинки кишини таштап койгонумдай,+ аны эч качан таштабайм, дайыма жакшы көрөм*.+ 14 Аны үйүмө, падышалыгыма түбөлүккө башчы кылып коём,+ анын тагы түбөлүккө турат”“».+
15 Натан Дөөтүгө ушул сөздөрдү жана аянды толук айтып берди.
16 Ошондо Дөөтү падыша Жахабанын алдына барып отурду да, мындай деди: «Оо, Жахаба Кудай, сен ушунун баарын мен үчүн кылгыдай, мен ким элем, менин үй-бүлөм* ким эле?+ 17 Ушунун баары аздык кылып жаткандай, оо, Кудайым, кулуңдун тукумдарынын тээ алыскы келечеги жөнүндө да айтып жатасың.+ Оо, Жахаба Кудайым, сен мени бир улуу адамдай көрөсүң. 18 Сен мени, кулуң Дөөтүнү, жакшы билесиң,+ мага көрсөткөн урмат-сыйың жөнүндө дагы эмне деп айта алам? 19 Оо, Жахаба, ушул улуу иштердин бардыгын кулуң үчүн жана өзүңдүн эркиңе ылайык жасап, улуулугуңду көрсөттүң.+ 20 Оо, Жахаба, сага окшош эч ким жок,+ сенден башка Кудай жок.+ Муну биз уккан нерсенин бардыгы ырастап турат. 21 Жер бетинде ысрайыл элиңдей эл барбы?+ Оо, чыныгы Кудай, сен аларды өзүңө эл кылыш үчүн кун төлөп куткарып алгансың.+ Мисирден кун төлөп куткарып алган ал элиң үчүн башка элдерди кууп чыгып,+ адамды сестенткен улуу иштерди кылып, атыңды даңктап-даңазаладың.+ 22 Ысрайыл элиңди түбөлүккө өзүңдүн элиң кылдың.+ Оо, Жахаба, сен алардын Кудайы болдуң.+ 23 Эми, оо, Жахаба, дайыма өзүңдүн кулуң жөнүндө, анын тукумдары жөнүндө айткан убадаңа ылайык иш кыла көр, өзүң айткандай, ошол убадаңды аткара көр.+ 24 Ысмың өчпөй, түбөлүктүү болуп, түбөлүккө даңкталсын.+ Элдер: „Ысрайылдын, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба — ысрайыл элин башкарган Кудай“,— деп айтышсын. Кулуң Дөөтүнүн тукумдары сенин алдыңда түбөлүккө болсун.+ 25 Анткени сен, Кудайым, кулуңа тукумдарын падыша кыларыңды өзүң айткансың. Ошондуктан кулуң сенден ушинтип тиленгенге батынды. 26 Оо, Жахаба, сен чыныгы Кудайсың, сен кулуң жөнүндө ушул жакшы нерселерди убада кылдың. 27 Эми кулуңдун тукумдарына батаңды бере көр, алар алдыңда түбөлүккө турсун. Анткени, Жахаба, сен өзүң бата бергендиктен, алар түбөлүк бата алат».