Забур
Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры.
Сен аны душмандарынын колуна эч качан салып бербейсиң.+
4 Мен: «Оо, Жахаба, мага ырайым кыл.+
Сага каршы күнөө кылдым,+ мени айыктыра көр»,+— дедим.
5 Душмандарым мен жөнүндө суук сөздөрдү айтып:
«Бул деги качан өлөт, аты качан өчөт?» — деп жатышат.
6 Кимдир бирөөсү мени көргөнү келсе, анткорлонуп сүйлөйт,
Мени кеп кылыш үчүн жаман нерселерди аңдып отурат,
Сыртка чыгары менен, ошону элге жаят.
7 Мени жек көргөндөрдүн баары өз ара шыбырашып жатышат;
Мага жамандык ойлоп:
9 Атүгүл жакын досум болгон, мен ишенип келген,+
Мени менен чогуу бир дасторкондон нан жеп жүргөн киши да мага каршы чыкты.+
10 Оо, Жахаба, мага ырайым кыл, мени тургуз,
Аларга тиешесин берейин.
Оомийн*, оомийн!