Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Лука 20
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Лука. Мазмуну

      • Исанын бийлиги талашка салынат (1—8)

      • Зулум багбандар жөнүндөгү мисал (9—19)

      • Кудай менен падышанын бийлиги (20—26)

      • Тирилүү жөнүндөгү суроо (27—40)

      • Машаяк Дөөтүнүн тукумубу? (41—44)

      • «Диний мыйзамдарды окуткандардан сак болгула» (45—47)

Лука 20:2

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 21:23—27; Мр 11:27—33

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 244-б.

Лука 20:6

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 7:29

Лука 20:9

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 5:7
  • +Мт 21:33—41; Мр 12:1—9

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 246-б.

Лука 20:10

Байланышы бар аяттар

  • +Пд2к 17:13, 14; Жл2к 36:15, 16; Элч 7:52; Ев 11:36, 37

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 246—247-бб.

Лука 20:11

Шилтемелер

  • *

    Же: «кемсинтип».

Лука 20:13

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 17:5; Жн 3:16

Лука 20:14

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 246—247-бб.

Лука 20:15

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 3:15

Лука 20:17

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 118:22; Ыш 28:16; Мт 21:42, 44; Мр 12:10, 11; Элч 4:11; Пт1к 2:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы» (изилдөөгө арналган),

    12/2017, 9—10-бб.

Лука 20:18

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 8:14, 15

Лука 20:19

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 21:45, 46; Мр 12:12

Лука 20:20

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 22:15—22; Мр 12:13—17

Лука 20:21

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 250-б.

Лука 20:22

Шилтемелер

  • *

    Же: «императорго»; грекче кесар (Цезарь).

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 250-б.

Лука 20:23

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 250-б.

Лука 20:24

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «динарды». Римдиктердин күмүш тыйыны. Б14 тиркемесин кара.

Лука 20:25

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 13:7; Тит 3:1; Пт1к 2:13
  • +Мт 22:21; Мр 12:17

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Улуу Окутуучу», 148—149-бб.

Лука 20:27

Байланышы бар аяттар

  • +Элч 23:8
  • +Мт 22:23—28; Мр 12:18—23

Лука 20:28

Байланышы бар аяттар

  • +Бш 38:7, 8; Мз 25:5, 6

Лука 20:34

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

Лука 20:35

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 22:29, 30; Мр 12:24, 25

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/8/2014, 29—30-бб.

Лука 20:36

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/8/2014, 29—30-бб.

Лука 20:37

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 3:2, 6; Мт 22:31—33; Мр 12:26, 27

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/5/2005, 23-б.

Лука 20:38

Шилтемелер

  • *

    Же: «анын көз карашы боюнча».

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 22:32

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Жахабага жакында», 287—288-бб.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/2/2013, 7-б.

    1/5/2005, 23-б.

    «Жолдоочум бол», 106—107-бб.

Лука 20:41

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 22:41—46; Мр 12:35—37

Лука 20:42

Шилтемелер

  • *

    Сөздүктү кара.

Лука 20:43

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 110:1; Элч 2:34, 35

Лука 20:44

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 252-б.

Лука 20:46

Шилтемелер

  • *

    Же: «эң жакшы».

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 23:2, 6, 7; Мр 12:38—40

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Лк. 20:2Мт 21:23—27; Мр 11:27—33
Лк. 20:6Лк 7:29
Лк. 20:9Ыш 5:7
Лк. 20:9Мт 21:33—41; Мр 12:1—9
Лк. 20:10Пд2к 17:13, 14; Жл2к 36:15, 16; Элч 7:52; Ев 11:36, 37
Лк. 20:13Мт 17:5; Жн 3:16
Лк. 20:15Элч 3:15
Лк. 20:17Зб 118:22; Ыш 28:16; Мт 21:42, 44; Мр 12:10, 11; Элч 4:11; Пт1к 2:7
Лк. 20:18Ыш 8:14, 15
Лк. 20:19Мт 21:45, 46; Мр 12:12
Лк. 20:20Мт 22:15—22; Мр 12:13—17
Лк. 20:25Рим. 13:7; Тит 3:1; Пт1к 2:13
Лк. 20:25Мт 22:21; Мр 12:17
Лк. 20:27Элч 23:8
Лк. 20:27Мт 22:23—28; Мр 12:18—23
Лк. 20:28Бш 38:7, 8; Мз 25:5, 6
Лк. 20:35Мт 22:29, 30; Мр 12:24, 25
Лк. 20:37Чг 3:2, 6; Мт 22:31—33; Мр 12:26, 27
Лк. 20:38Мт 22:32
Лк. 20:41Мт 22:41—46; Мр 12:35—37
Лк. 20:43Зб 110:1; Элч 2:34, 35
Лк. 20:46Мт 23:2, 6, 7; Мр 12:38—40
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
Ыйык Китеп
Лука 20:1—47

Лука

20 Күндөрдүн биринде Иса ибадатканада элди окутуп, жакшы кабарды жарыялап жатканда, жогорку дин кызматчылар, диний мыйзамдарды окуткандар менен аксакалдар жанына барып: 2 «Айтчы бизге, буларды кылганга кандай укугуң бар? Мындай укукту сага ким берди?» — деп сурашты.+ 3 Иса аларга: «Мен да силерге бир суроо берейин. Кана айткылачы, 4 Жаканга элди чөмүлдүргөнгө укукту асмандагы Кудай бергенби же адамдарбы?» — деди. 5 Ошондо алар: «Эгерде: „Кудай“,— десек, ал: „Анда эмне үчүн ага ишенген жоксуңар?“ — дейт. 6 „Адамдар“,— десек, элдин баары бизди таш бараңга алат, анткени эл Жакандын пайгамбар болгонуна ишенет»,+— деп өз ара сүйлөшүштү. 7 Анан Жаканга андай укукту ким бергенин билишпей турганын айтышты. 8 Ошондо Иса: «Анда мен да буларды кылганга мага ким укук бергенин айтпайм»,— деди.

9 Андан кийин Иса элге мындай мисал келтирди: «Бир киши жүзүм отургузат да,+ жүзүмзарын багбандарга ижарага берип, өзү бир топ убакытка башка өлкөгө кетет.+ 10 Түшүм жыйнай турган убак келгенде, жүзүмзарынын түшүмүнөн тиешелүү үлүшүмдү беришсин деп, багбандарга кулун жөнөтөт. Бирок алар аны сабап, куру кол кетирип жиберишет.+ 11 Жүзүмзардын ээси дагы бир кулун жөнөтөт. Алар аны да сабап, кордоп*, куру кол кетирип жиберишет. 12 Ал үчүнчүсүн жөнөтөт. Багбандар аны да жарадар кылып, жүзүмзардын сыртына чыгарып салышат. 13 Ошондо жүзүмзардын ээси: „Эмне кылсам? Сүйүктүү уулумду жиберип көрөйүн.+ Балким, аны сыйлашар“,— дейт. 14 Бирок багбандар аны көргөндө: „Бул мурасчы да! Жүргүлө, өлтүрүп салалы, ошондо мурасы биздики болуп калат“,— деп өз ара сүйлөшүшөт. 15 Ошентип, аны жүзүмзардын сыртына чыгарып, өлтүрүп салышат.+ Эми жүзүмзардын ээси багбандарды эмне кылат? 16 Ал барып, аларды өлтүрүп, жүзүмзарын башкаларга ижарага берет».

Муну уккандар: «Кудай анын бетин ары кылсын!» — дешти. 17 Ошондо Иса аларга тике карап: «Анда Ыйык Жазмадагы: „Куруучулар жаратпай койгон таш бурчка коюла турган негизги таш болуп калды“,— деген сөздөр эмнени билдирет?+ 18 Ким ал ташка жыгылса, соо калбайт.+ Ал эми таш кимдин үстүнө куласа, ал жанчылып калат»,— деп айтты.

19 Диний мыйзамдарды окуткандар менен жогорку дин кызматчылар Исанын бул мисалды өздөрүнө карата айтканын түшүнүп, аны ошол замат кармаганга аракет кылышты, бирок элден коркушту.+ 20 Алар Исаны колго түшүрүш үчүн артынан аябай аңдышты. Анан ага бир нече кишини жиберишти. Ал кишилерди өздөрүн адил кылып көрсөтүп, Исаны сөзүнөн кармаш үчүн жашыруун жалдашкан эле.+ Аны кармаган соң өкмөттөгүлөр менен башкаруучунун колуна салып беришмек. 21 Ал кишилер Исадан: «Устат, сенин туура сүйлөп, туура окутарыңды, баарына бирдей карай турганыңды, Кудайдын жолу жөнүндө үйрөткөндөрүңдүн баары туура экенин билебиз. 22 Айтчы, падышага* киши башына төлөнчү салыкты төлөгөн туурабы же туура эмеспи?» — деп сурашты. 23 Иса алардын кууланып жатканын билип: 24 «Мага тыйынды* көрсөткүлөчү. Бул жерде кимдин сүрөтү тартылып, кимдин аты жазылып турат?» — деди. Алар: «Падышанын»,— дешти. 25 Ошондо Иса: «Андай болсо, падышага тиешелүүнү падышага,+ Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деди.+ 26 Ошентип, алар Исаны эл алдында сөзүнөн кармай алышкан жок. Кайра, анын жообуна таң калып, унчукпай калышты.

27 Андан кийин өлгөндөрдүн тирилерине ишенбеген садукейлердин+ кээ бирлери келип, Исадан:+ 28 «Устат, Муса: „Эгер кимдир бирөө бала көрбөй өтүп кетсе, аялын бир тууганы алып, анын тукумун уласын“,— деп жазган болчу.+ 29 Жети бир тууган бар эле. Биринчиси аял алып, баласыз өтүп кетти. 30 Анын аялына экинчиси, 31 анан үчүнчүсү үйлөндү. Ошентип, ага жетөө тең үйлөнүштү, бирок баары бала көрбөй өтүп кетишти. 32 Акырында аял да көз жумду. 33 Өлгөндөр тирилгенде, ал кимисинин аялы болот? Анткени аны жетөө тең алышкан болчу да»,— деп сурашты.

34 Иса аларга: «Бул дүйнөнүн* адамдары аял алышат, күйөөгө тийишет. 35 Ал эми тирилгенге жана келечектеги дүйнөдө жашаганга татыктуу боло тургандар аял алышпайт, күйөөгө чыгышпайт.+ 36 Алар периштелердей болушат, ошон үчүн экинчи өлүшпөйт. Ошондой эле тирилгенден кийин Кудайдын балдары болушат. 37 Ал эми өлгөндөрдүн тирилери Мусанын айткандарынан да көрүнүп турат. Тикенектүү бадал жөнүндө баяндап жатып ал Жахабаны „Ыбрайымдын Кудайы, Ыскактын Кудайы, Жакыптын Кудайы“ деп атаган.+ 38 Ал — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Себеби ал үчүн* бардыгы тирүү»,— деди.+ 39 Ошондо диний мыйзамдарды окуткандардын айрымдары: «Устат, айтканыңда калет жок»,— дешти. 40 Ошондон кийин алар суроо бергенге батына алышкан жок.

41 Анан Иса аларга: «Эмне үчүн Машаякты Дөөтүнүн тукуму деп айтышат?+ 42 Дөөтү өзү Забур* китебинде: „Жахаба менин Мырзама: 43 “Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур”,— деди“,— дебеди беле.+ 44 Эгер Дөөтү Машаякты „Мырзам“ деп жатса, анда ал кантип Дөөтүнүн тукуму болсун?» — деди.

45 Бүт эл Исанын сөздөрүн угуп турганда, ал шакирттерине: 46 «Диний мыйзамдарды окуткандардан сак болгула. Алар узун кийим кийип жүргөндү, базар аянттарында башкалардын урмат көрсөтүп саламдашканын, сыйынуу жайларында алдыңкы* орундарда отурганды, тойлордо төрдөн орун алганды жакшы көрүшөт.+ 47 Жесирлердин мал-мүлкүн талап-тоношот, элге көрүнүш үчүн Кудайдан узакка тиленишет. Ошон үчүн аларга алда канча катуу өкүм чыгарылат»,— деди.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү