Элчилер
12 Ошол убактарда Ирод* падыша шакирттердин айрымдарын куугунтуктай баштады.+ 2 Ал Жакандын бир тууганы Жакыпты+ кылыч менен өлтүрттү.+ 3 Мунун жүйүттөргө жакканын көрүп, Петирди да карматты. Бул Калама майрамы*+ өтүп жаткан убакта болду. 4 Ирод Петирди карматкан соң түрмөгө каматты.+ Анан аны Куткарылуу майрамынан* кийин эл алдына алып чыкмакчы болуп, 4 жоокерден турган 4 топко кезеги менен кайтартып койду. 5 Ошентип, Петир түрмөдө отурду. Жыйналыштагылар болсо ал үчүн Кудайдан жалындуу тиленип жатты.+
6 Ирод аны элге алып чыга турган күндүн алдындагы түнү Петир эки жагынан эки жоокерге чынжыр менен байланып, экөөнүн ортосунда уктап жаткан эле. Күзөтчүлөр болсо түрмөнүн эшигин кайтарып турушкан. 7 Бир маалда Жахабанын периштеси пайда болуп,+ Петир жаткан жер жарык боло түштү. Периште аны капталга түртүп ойготуп: «Тур тезирээк!» — деди. Ошондо Петирдин колундагы чынжырлар түшүп калды.+ 8 Периште ага: «Кийин*, сандалыңды кий»,— деди. Петир ал айткандай кылды. Анан периште: «Сырт кийимиңди кийип, артыман бас»,— деди. 9 Петир сыртка чыгып, анын артынан жөнөдү, бирок периштенин булардын баарын чындап эле кылып жатканын билген жок. Ал аян көрүп жатам деп ойлоду. 10 Биринчи, анан экинчи күзөтчүлөр турган жерден өтүп, экөө шаарга чыга турган темир дарбазага келишкенде, ал өзүнөн өзү ачылды. Алар сыртка чыгып, бир көчөгө түшүштү. Бир аз басышкандан кийин, периште көздөн кайым болду. 11 Ошондо Петир өзүнө келип: «Жахаба периштесин жиберип, мени Ироддун колунан, жүйүттөр менин башыма түшөт деп күтүп жаткан нерсенин баарынан куткарган турбайбы»,— деди.+
12 Петир эмне болгонун түшүнгөндөн кийин Марк деп да коюшкан Жакандын+ энеси Мариямдын үйүнө барды. Ал жерге бир топ шакирт чогулуп, тиленип жатышкан эле. 13 Петир дарбазаны тыкылдатканда, Рода деген кызматчы кыз чыкты. 14 Ал Петирди үнүнөн таанып, бирок ушунчалык кубанганынан дарбазаны ачпай, кайра үйгө чуркап кирди да, сыртта Петир турганын айтты. 15 Үйдөгүлөр ага: «Акыл-эсиң жайындабы?» — дешти. Кыз чын эле айтып жатканын кайра-кайра айтканда, алар: «Анда ал — периште*»,— дешти. 16 Петир болсо дарбазаны тыкылдата берди. Алар дарбазаны ачып, аны көргөндө айран-таң калышты. 17 Ал колу менен белги берип, аларды тынчтандырган соң, Жахабанын аны түрмөдөн кантип чыгарганын төкпөй-чачпай айтып берди. Анан: «Бул жөнүндө Жакып+ менен башка бир туугандарыбызга кабарлагыла»,— деди да, башка жакка жөнөдү.
18 Таң атканда, жоокерлер Петирдин каякка жок болуп кеткенин түшүнбөй, катуу дүрбөлөңгө түшүштү. 19 Ирод аны аябай издетип, таба албай койгондон кийин күзөтчүлөрдү суракка алып, аларды жазалаганга буйрук берди.+ Өзү болсо Жүйүт жеринен Кесарияга барып, ошол жерде бир канча убакыт болду.
20 Ирод падыша Тир менен Сидондун элине нааразы* болуп жүргөн. Ошон үчүн ал жерлердин тургундары өз ара макулдашып алып, падыша менен сүйлөшкөнү келишти да, Билас деген ак сарай кызматчысынан жардам сурап, өздөрүн падыша менен сүйлөштүргөнгө көндүрүштү. Анан падышага кирип, элдешүүнү сунуш кылышты. Себеби алар падыша башкарган аймактан азык-түлүк алып турушчу. 21 Атайын белгиленген күнү көп эл чогулганда, Ирод падыша өзгөчө кийимин кийип, сот тактысына отурду да, элге кайрылып сөз сүйлөдү. 22 Чогулган эл: «Бул — адамдын эмес, кудайдын үнү!» — деп кыйкыра баштады. 23 Ошондо ал даңкты Жахаба Кудайга ыйгарган жок. Ошон үчүн Кудайдын периштеси Иродду ошол замат катуу ооруга чалдыктырды. Ал куртка жем болуп өлдү.
24 Ал эми Жахабанын сөзү кеңири жайылып, ага ишенгендердин саны өсө берди.+
25 Барнаба+ менен Шабыл болсо жардам катары чогултулган нерселерди Иерусалимге жеткиргенден кийин+ Марк деп да коюшкан Жаканды+ ээрчитип, Антиохияга кайтышты.