Аян
7 Андан кийин жердин төрт бурчунда турган 4 периштени көрдүм. Жерге, деңизге, ошондой эле эч бир даракка эч кандай шамал сокпошу үчүн, алар жердин 4 шамалын бекем кармап турушуптур. 2 Анан күн чыгыштан көтөрүлүп, тирүү Кудайдын мөөрүн алып келаткан башка периштени көрдүм. Ал жер менен деңизге зыян келтиргенге бийлик берилген 4 периштеге: 3 «Биз Кудайыбыздын кулдарынын чекесине мөөр басып бүткөнгө чейин,+ жерге да, деңизге да, дарактарга да зыян келтирбегиле!»+ — деп кыйкырды.
4 Анан мен мөөрлөнгөндөрдүн саны 144 000+ экенин уктум. Алар Ысрайылдын ар бир уруусунан экен.+
5 Жүйүт уруусунан мөөрлөнгөндөр 12 000 экен.
Рубейин уруусунан 12 000,
Гат уруусунан 12 000,
6 Ашыр уруусунан 12 000,
Напталы уруусунан 12 000,
Менаше+ уруусунан 12 000,
7 Шымон уруусунан 12 000,
Леби уруусунан 12 000,
Исахар уруусунан 12 000,
8 Забулун уруусунан 12 000,
Жусуп уруусунан 12 000,
Бенжемин уруусунан 12 000 экен.
9 Андан кийин эч ким санай албаган эбегейсиз көп адамдарды көрдүм. Ар бир элден, улуттан, уруудан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн ал адамдар+ тактынын жана Козунун алдында узун ак кийим кийип турушуптур.+ Колдорунда курма дарагынын бутактары бар экен.+ 10 Алар: «Бизди тактыда отурган+ Кудайыбыз менен Козу куткарды»,+— деп ыраазы болуп кыйкырып жатышты.
11 Бардык периштелер тактынын, аксакалдардын+ жана 4 периштенин тегерегинде турушуптур. Алар тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга сыйынып: 12 «Оомийн! Кудайыбызга түбөлүктөн түбөлүккө алкыш-даңк, акылмандык, урмат-сый, күч-кубат жана кудурет таандык болсун, ыраазычылык билдирилсин.+ Оомийн»,— деп жатышты.
13 Ошондо аксакалдардын бири менден: «Узун ак кийим кийген булар кимдер?+ Кайдан келишти?» — деп сурады. 14 Мен ошол замат: «Мырзам, муну сен билесиң да»,— дедим. Ал мындай деди: «Булар — улуу алааматтан+ аман өткөндөр. Булар кийимдерин Козунун канына жууп агартышкан.+ 15 Ошон үчүн Кудайдын тактысынын алдында туруп, анын ибадатканасында ага күнү-түнү ыйык кызмат кылып жатышат. Тактыда отурган Кудай+ булардын үстүнө чатырын жаят.+ 16 Булар мындан ары ачка болушпайт, суусашпайт, куйкалаган күндөн, эч кандай аптаптан кыйналышпайт.+ 17 Анткени буларды тактынын жанында* турган Козу+ кайтарып,+ өмүр суусунун башаттарына алып барат.+ Кудай булардын көз жашынын баарын аарчыйт».+