Дөөтүнүн ыры.
143 Оо, Жахаба, тиленүүмдү уга көр,+
Жардам сурап жалынганыма кулак сала көр.
Жооп бере көр, себеби сен ишеничтүүсүң, адилсиң.
2 Мени менен, кызматчың менен, соттошпо,
Анткени сенин алдыңда эч ким адил боло албайт.+
3 Душман мени куугунтуктап жатат,
Мени эзип, тебелеп-тепсеп салды,
Эчак өлгөндөрдөй караңгылыкта жашаганга мажбур кылды.
4 Жан дүйнөм кыйналып, алсырап калдым,+
Сезимдерим сенейип калды.+
5 Мен байыркы күндөрдү эстейм,
Сенин бардык иштериң жөнүндө ой жүгүртөм,+
Кылган иштериң тууралуу ойлонгонго ашыгып турам.
6 Колумду сага сунам,
Какшыган жер сууга чаңкагандай, сени эңсейм.+ (Села)
7 Оо, Жахаба, мага тезирээк жооп бере көр.+
Алдан-күчтөн тайып баратам.+
Менден жүзүңдү жашыра көрбө,+
Көргө түшкөндөргө окшоп калбайын.+
8 Эртең менен туруктуу сүйүүңдү сезгендей болоюн,
Себеби сага таянам.
Жүрүшүм керек болгон жолду көрсөт,+
Анткени жетектешиңди сурап сага кайрылам.
9 Оо, Жахаба, мени душмандарыман куткар.
Мен сага корголойм.+
10 Эркиңди кантип аткарышты мага үйрөтө көр,+
Анткени сен менин Кудайымсың.
Сен мээримдүүсүң,
Ыйык рухуң мени коопсуз жолдо жетектеп жүрсүн.
11 Оо, Жахаба, өз ысмың үчүн өмүрүмдү сактай көр,
Мени кыйынчылыктан арылта көр, себеби сен адилеттүүсүң.+
12 Туруктуу сүйүүңдөн улам душмандарымды жок кыл,+
Мага жамандык кылгандардын баарын кырып сал,+
Анткени мен сенин кызматчыңмын.+