Забур
149 Жахты даңктагыла!
4 Анткени Жахаба өз элин жакшы көрөт.+
Мүнөзү жумшактарды куткарып, көрккө бөлөйт.+
5 Ага берилгендер урмат-сыйга бөлөнгөнүнө кубанышсын,
Төшөктөрүндө жатып кубанып-шаттанышсын,+
6 Ооздорунан Кудайды даңктаган ырлар чыксын,
Колдорунда кош миздүү кылыч болсун,
7 Аны колдонуп элдерден өч алышсын,
Аларды жазалашсын,
8 Алардын падышаларын кишендешсин,
Аттуу-баштууларын чынжырлашсын,
Мунун баарын аткаруу Кудайга берилгендер үчүн сыймык болот.
Жахты даңктагыла!