Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Эзра 1
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Эзра. Мазмуну

      • Кореш падыша ибадаткананы кайра курганга буйрук чыгарат (1—4)

      • Жүйүттөр Бабылдан кеткенге камынышат (5—11)

Эзра 1:1

Шилтемелер

  • *

    Кир II (Улуу Кир).

  • *

    Сыягы, бул Бабылды (Вавилонду) башкара баштаган биринчи жылын билдирет.

  • *

    Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 45:1; Дн 10:1
  • +Жр 25:12; 29:14; 33:10, 11
  • +Жл2к 36:22, 23

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/12/2008, 22-б.

Эзра 1:2

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 4:34, 35
  • +Ыш 44:28

Эзра 1:3

Шилтемелер

  • *

    Же балким: «Иерусалимдеги Кудайдын».

Эзра 1:4

Байланышы бар аяттар

  • +Пд2к 17:6; Жр 9:16
  • +Чг 35:21; Жл1к 29:9; Эз 7:14—16

Эзра 1:5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/1/2006, 9-б.

Эзра 1:7

Байланышы бар аяттар

  • +Пд2к 24:11, 13; Жл2к 36:7, 18; Эз 6:5; Дн 1:1, 2; 5:2

Эзра 1:8

Шилтемелер

  • *

    Сыягы, Эзра 2:2де жана 3:8де айтылган Зоробабыл.

Байланышы бар аяттар

  • +Эз 5:14, 16; Ак 1:1, 14; 2:23

Эзра 1:11

Байланышы бар аяттар

  • +Пд2к 24:14, 15; Жл2к 36:20

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Эз. 1:1Ыш 45:1; Дн 10:1
Эз. 1:1Жр 25:12; 29:14; 33:10, 11
Эз. 1:1Жл2к 36:22, 23
Эз. 1:2Дн 4:34, 35
Эз. 1:2Ыш 44:28
Эз. 1:4Пд2к 17:6; Жр 9:16
Эз. 1:4Чг 35:21; Жл1к 29:9; Эз 7:14—16
Эз. 1:7Пд2к 24:11, 13; Жл2к 36:7, 18; Эз 6:5; Дн 1:1, 2; 5:2
Эз. 1:8Эз 5:14, 16; Ак 1:1, 14; 2:23
Эз. 1:11Пд2к 24:14, 15; Жл2к 36:20
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
Ыйык Китеп
Эзра 1:1—11

Эзра

1 Персия падышасы Корештин*+ башкаруусунун биринчи жылында*, Жахабанын* Жеремия аркылуу айткан сөздөрү+ аткарылышы үчүн, Жахаба Персия падышасы Корешке буйрук чыгарганга түрткү берди. Ошол себептен ал бүт падышалыгы боюнча оозеки жана кат жүзүндө мындай деп жарыялоону буйрук кылды:+

2 «Персия падышасы Кореш мындай дейт: „Асмандын Эгедери Жахаба Кудай мага жер жүзүндөгү бүт падышалыктарды багындырып,+ ага арнап Жүйүт жериндеги Иерусалимге ибадаткана кур деп буйрук кылды.+ 3 Ошон үчүн араңардан ким анын элинен болсо, Жүйүт жериндеги Иерусалимге барсын да, ибадатканасы Иерусалимде болгон* Ысрайылдын Кудайы Жахабанын, чыныгы Кудайдын, ибадатканасын кайра курсун. Аларды Кудайы өзү колдосун! 4 Алар келгин катары каякта жашап жүрбөсүн,+ бул жакта кала тургандар аларга алтын-күмүш, мал-мүлк берип, ошондой эле чыныгы Кудайдын Иерусалимдеги ибадатканасына тартуу берип, жардам көрсөтүшсүн“».+

5 Ошондо Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусунун башчылары, дин кызматчылар жана лебилер — чыныгы Кудай түрткү бергендердин баары Жахабанын Иерусалимдеги ибадатканасын кайра курганы барыш үчүн даярдана башташты. 6 Кошуна-колоңдору аларга Кудайдын ибадатканасына деп берген тартуусунан сырткары алтын-күмүш буюмдарды, мал-мүлк жана кымбат баалуу нерселерди берип жардам кылышты.

7 Кореш падыша Небухаданасар бир кезде Иерусалимдеги Жахабанын ибадатканасынан алып кетип, өз кудайынын ибадатканасына коюп койгон буюмдарды кайтарып бергиле деп да буйрук берди.+ 8 Муну Персия падышасы Кореш казыначы Митредатка тапшырды. Ал болсо буюмдарды тизмелеп, Жүйүт башчысы Шешпасарга* берди.+

9 Аларды эсептегенде, себетке окшош алтын идиштен 30, ошондой күмүш идиштен 1 000 жана башка идиштен 29 болду. 10 Кичине алтын идиштен 30, кичине күмүш идиштен 410 болду. Дагы башка буюмдардын саны 1 000 болду. 11 Алтын буюмдар менен күмүш буюмдардын жалпы саны 5 400 болду. Шешпасар туткунда жүргөндөрдү+ Иерусалимге алып барыш үчүн Бабылдан алып чыкканда ошол буюмдардын баарын кошо ала чыкты.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү