Ышая
Эл Жахабанын даңкын,
Кудайыбыздын көркүн көрөт.
4 Жүрөгү санаага толгондорго:
«Бекем болгула, коркпогула.
Мына, Кудайыңар өч алыш үчүн келет,
Кудай жазалаш үчүн келет.+
Ал келип, силерди куткарат»,— дегиле.+
Чөлдө суу оргуштайт,
Чөлдүү түздүктө суулар агат.
Мурун чөөлөр байырлаган жерде+
Көк чөп, камыш, папирус өсөт.
Ал жол менен таза эместер баспайт,+
Татыктуулар гана басат.
Акылсыздар ага түшпөйт.
9 Ал жерде арстан болбойт,
Коркунучтуу жырткыч жүрбөйт.
10 Жахаба кун төлөп куткарып алгандар кубанычтуу үн сала Сион шаарына кайтып келишет.+
Түгөнбөгөн кубаныч алардын таажысы болот.+
Алар шаттанышат, кубанышат,
Кайгы менен үшкүрүк жок болот.+