Шаарга чыгып баратканда ырдалчу ыр.
126 Жахаба Сиондон туткундалып кеткендерди кайрып келгенде,+
Түш көргөндөй эле болгонбуз.
2 Ууртубуз күлкүгө толуп,
Кубанып кыйкырганбыз.+
Ошондо башка элдер:
«Жахаба булар үчүн улуу иштерди жасады»,+— дешкен.
3 Жахаба биз үчүн улуу иштерди жасады,+
Ошон үчүн кубанып-шаттанып жатабыз.
4 Оо, Жахаба, Негептин дарыяларын кайрадан сууга толтургандай,
Туткундалган элибизди кайра кайрып кел.
5 Көз жашын төгүп үрөн сепкендер
Түшүмүн кубанып-шаттанып оруп алышат.
6 Талаага баштык толо үрөнүн
Ыйлап-сыктап көтөрүп барган киши
Бооланган эгинин көтөрүп,+
Кубанып-шаттанып кайтат.+