Башталыш
19 Кеч киргенде, эки периште Содомго келди. Содомдун дарбазасынын жанында отурган Лот аларды көрүп, алдынан тосуп чыкты да, жерге чейин ийилип таазим кылды.+ 2 Анан: «Мырзаларым, кулуңардын үйүнө кирип, бутуңарды жууп алгыла, конуп да кеткиле. Анан эртең менен эрте туруп, жолуңарды улантасыңар»,— деди. Тигилер болсо: «Жок, биз көчөгө* түнөйбүз»,— дешти. 3 Бирок Лот аябай өтүнгөндүктөн, алар анын үйүнө барышты. Лот жакшы дасторкон даярдап, калама жасады. Анан коноктор тамактанышты.
4 Алар жата электе, Содом шаарынын эркектери жаш баласынан карысына чейин чогулуп, баары үйдү тегеректеп алышты. 5 Алар Лотко: «Кечинде сеникине келген кишилер кайда? Аларды чыгарып бер, биз алар менен жатабыз»,— деп кыйкыра башташты.+
6 Ошондо Лот сыртка чыгып, эшикти жапты да: 7 «Агайын-туугандар, жамандык кыла көрбөгүлө! 8 Менин эркек көрө элек эки кызым бар, ошолорду чыгарып берейин, каалаганыңарды кылгыла. Бирок бул кишилерге тийбегиле, булар — үйүмө баш калкалап келген коноктор»,— деди.+ 9 Бирок алар: «Тур ары!» — дешти да, анан: «Муну кара, арабызда жалгыз келгин болуп алып бизди үйрөткүсү бар. Азыр сени тигилерден да жаман кылабыз!» — деп, Лотту жөөлөп, эшикти сындырмакчы болушту. 10 Ошондо үйүндөгү кишилер Лотту ичкери тартып киргизишти да, эшикти бекитип алышты. 11 Эшиктин алдындагы кишилерди болсо кичинесинен чоңуна чейин сокур кылып коюшту. Алар эшикти таба албай кыйналышты.
12 Анан Лоттукуна келген кишилер ага: «Бул жерде дагы кимиң бар? Күйөө балдарың болобу, уулдарың же кыздарың болобу, шаарда кимиң бар болсо, бардыгын бул жерден алып чыгып кет! 13 Биз бул жерди кыйратабыз, анткени бул жердин тургундарынын айынан зарлагандардын үнү Жахабага жетти.+ Ошондуктан Жахаба бизди бул шаарды кыйратканы жиберди»,— дешти. 14 Лот болочок күйөө балдарына барып: «Болгула батыраак, бул жерден чыгып кеткиле, Жахаба бул шаарды талкалаганы жатат!» — деп кайра-кайра айтты. Бирок күйөө балдарына ал тамашалап жаткандай сезилди.+
15 Таң агарып келатканда, периштелер Лотту: «Бол тезирээк, аялыңды, кыздарыңды алып чыгып кет, болбосо бул шаардын күнөөсү үчүн сен да өлүп каласың!» — деп шаштыра башташты.+ 16 Бирок Лот шашпай жүрүп алды. Ошон үчүн алар аны, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына алып чыгышты,+ себеби Жахаба аны аяды.+ 17 Шаардын сыртына алып чыгышкандан кийин алардын бири: «Өз жаныңды сактап кал! Артка кылчайып караба,+ бул тегеректин эч жерине токтобо!+ Өлүп калбашың үчүн тоого кач!» — деди.
18 Бирок Лот аларга: «Жок, Жахаба, суранам, ал жакка жибербечи! 19 Мага бооруң ачып, жанымды сактап калып, кулуңа ырайым кылдың*.+ Бирок тоого качып бара албайм, кырсыкка кабылып, өлүп калам деп коркуп жатам.+ 20 Жакын жерде шаар бар эмеспи, ошол жакка эле качайын. Ал кичинекей эле шаар эмеспи. Ошол жакка качканга уруксат этчи. Ошондо аман калам»,— деди. 21 Ал: «Макул, сен айткандай кылайын:+ сен айткан шаарды талкалабайм.+ 22 Бол, тезирээк ошол жакка кач, анткени сен ал жакка жетмейинче, мен эч нерсе кыла албайм»,— деди.+ Ушундан улам ал шаар Соар*+ деп аталып калган.
23 Лот Соарга жеткенде, күн чыгып калган эле. 24 Ошондо Жахаба Содом менен Аморго күкүрт менен от жаадырды; аны Жахаба асмандан жаадырды.+ 25 Ошентип, Кудай ал шаарларды, ошол тегеректин баарын: тургундарын да, өсүмдүктөрүн да, эч нерсесин калтырбай жок кылды.+ 26 Лоттун аркасында келаткан аялы кылчайып артын карады эле — туз мамыга айланып калды.+
27 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, мурун Жахаба менен сүйлөшкөн жерге барды.+ 28 Ал Содом менен Аморго, ошол тегеректин баарына көз чаптырып, жерден чоң мештин түтүнүндөй коюу түтүн көтөрүлүп жатканын көрдү.+ 29 Кудай Лот жашаган аймактагы шаарларды кыйратып жатканда Ыбрайымдын өтүнүчүн эске алып, Лотту ал жактан алып чыгып кетти.+
30 Кийинчерээк Лот Соардан чыгып, эки кызы менен тоодо жашап калды,+ анткени Соарда+ жашагандан коркту. Ошентип, эки кызы менен үңкүрдө жашап жүрдү. 31 Бир күнү улуу кызы кичүүсүнө: «Атабыз карып калды. Башкалардай болуп турмушка чыгалы десек, бул жерде эркектер жок. 32 Ошондуктан, кел, атабызды шарапка тойгузалы да, аны менен жатып, тукумун улайлы»,— деди.
33 Ошол түнү алар атасын шарапка тойгузушту. Анан улуусу атасы менен жатты. Бирок атасы анын качан жатып, качан турганын билген жок. 34 Кийинки күнү эжеси сиңдисине: «Мен түндө атам менен жаттым. Кел, бүгүн да кечинде аны шарапка тойгузалы. Анан сен да аны менен жат, ошентип атабыздын тукумун улайлы»,— деди. 35 Алар ошол түнү да атасын шарапка тойгузушту. Анан кичүүсү атасы менен жатты. Бирок атасы анын качан жатып, качан турганын билген жок. 36 Ошентип, Лоттун эки кызы тең өз атасынан кош бойлуу болуп калды. 37 Арадан убакыт өтүп, улуу кызы уул төрөп, атын Маап+ койду. Ал — азыр Мааптын тукумдары катары белгилүү болгондордун атасы.+ 38 Кичүүсү да уул төрөп, атын Бенами койду. Ал — азыр Амондун тукумдары+ катары белгилүү болгондордун атасы.