Күзөт мунарасынын ОНЛАЙН КИТЕПКАНАСЫ
Күзөт мунарасы
ОНЛАЙН КИТЕПКАНА
кыргыз
  • ЫЙЫК КИТЕП
  • АДАБИЯТТАР
  • ЖОЛУГУШУУЛАР
  • Марк 14
  • Ыйык Китеп

Бул жерде видео жок.

Кечиресиз, ката кеткендиктен видео ойнотулбай жатат.

Марк. Мазмуну

      • Дин кызматчылар Исаны өлтүрүштүн жолун издешет (1, 2)

      • Исанын башына жыпар жыттуу май куюлат (3—9)

      • Жүйүт Исаны душмандардын колуна салып бермекчи болот (10, 11)

      • Акыркы Куткарылуу майрамы (12—21)

      • Мырзабыздын кечки тамагы (22—26)

      • Петирдин баш тартып кетери айтылат (27—31)

      • Иса Гетсемани багында тиленет (32—42)

      • Исаны кармап кетишет (43—52)

      • Исанын иши Жогорку сотто каралат (53—65)

      • Петир Исаны тааныбайм деп танат (66—72)

Марк 14:1

Шилтемелер

  • *

    Же: «Пасха». Еврейче песах. Мааниси: «кыя өтүү, өтүп кетүү». Сөздүктү кара.

  • *

    Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 12:3, 6; Лб 23:5
  • +Лб 23:6
  • +Жн 13:1
  • +Мт 26:2—5; Лк 22:1, 2

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 266-б.

Марк 14:3

Шилтемелер

  • *

    Сыягы, Гималай тоолорунда өскөн жыпар жыттуу өсүмдүктөн жасалган май.

  • *

    Сөзмө-сөз: «алебастр бөтөлкө». Кумара сыяктуу мындай кичинекей идиштер Мисирдеги (Египеттеги) Алабастрон шаарынын жанынан казылып алынган таштан жасалчу.

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:6—9; Жн 12:2—5

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/3/2015, 13—14-бб.

    «Иса Машаяк - жол», 236-б.

Марк 14:5

Шилтемелер

  • *

    Римдиктердин күмүш тыйыны. 1 динар жумушчунун бир күндүк эмгек акысы болгон. Б14 тиркемесин кара.

  • *

    Же: «ага ачуулана сүйлөштү; аны урушушту».

Марк 14:6

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:10; Жн 12:7

Марк 14:7

Байланышы бар аяттар

  • +Мз 15:11
  • +Мт 26:11; Жн 12:8

Марк 14:8

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:12; Жн 12:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/1998, 22-б.

Марк 14:9

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 24:14
  • +Мт 26:13

Марк 14:10

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:14—16; Лк 22:3—6

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 266—267-бб.

Марк 14:11

Байланышы бар аяттар

  • +Зак 11:12

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 266—267-бб.

Марк 14:12

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 12:15, 18; 23:15
  • +Лк 22:1, 7
  • +Сн 9:2; Мт 26:17—19

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 267-б.

Марк 14:13

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 22:10—13

Марк 14:14

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 267-б.

Марк 14:15

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 267-б.

Марк 14:17

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:20; Лк 22:14

Марк 14:18

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 41:9; Мт 26:21, 22; Лк 22:21, 23; Жн 13:21, 22

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 270-б.

Марк 14:20

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:23

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 270-б.

Марк 14:21

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 22:22
  • +Мт 26:24

Марк 14:22

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:26; Лк 22:19; Кр1к 11:23, 24

Марк 14:23

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:27; Кр1к 10:16; 11:25

Марк 14:24

Байланышы бар аяттар

  • +Чг 24:8; Лб 17:11; Ев 9:22
  • +Жр 31:31; Ев 7:22; 9:15
  • +Ыш 53:12; Мт 26:28; Лк 22:20

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 271-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/12/2013, 25-б.

    1/3/2003, 11-б.

Марк 14:25

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/2/2008, 30-б.

    1/3/2003, 10-б.

Марк 14:26

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:30; Лк 22:39; Жн 18:1

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 282-б.

Марк 14:27

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 53:5; Дн 9:26
  • +Зак 13:7; Мт 26:31—33, 56; Мр 14:50; Жн 16:32

Марк 14:28

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 16:7

Марк 14:29

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 22:31—33; Жн 13:37

Марк 14:30

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:34; Лк 22:34; Жн 13:38

Марк 14:31

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:35

Марк 14:32

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:36, 37; Лк 22:39—41; Жн 18:1

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 282-б.

Марк 14:33

Байланышы бар аяттар

  • +Мр 9:2

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 282-б.

Марк 14:34

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 12:27
  • +Мт 26:38

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 282-б.

Марк 14:35

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 282-б.

Марк 14:36

Шилтемелер

  • *

    Еврей же арамей тилиндеги бул сөз балдар аталарын жакшы көрүп, урматтап-сыйлап кайрылганда колдонулчу. «Атаке» деген сөздө камтылган ынактыкты чагылдырат.

  • *

    Бул жерде «чөйчөк» деген сөз Кудайдын эрки боюнча Исанын Кудайга акарат кылды деп ак жерден айыпталып өлтүрүлөрүн билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Рим. 8:15; Гл 4:6
  • +Мт 26:39; Лк 22:42; Жн 6:38; Ев 5:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 282-б.

    «Жолдоочум бол», 134-б.

Марк 14:37

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:40; Лк 22:45

Марк 14:38

Шилтемелер

  • *

    Же: «Албетте, рух дилгир, дене болсо алсыз». Бул жерде «дене» адамдын күнөөкөр, жеткилең эмес экенин билдирет.

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 6:13; Лк 11:4; 22:46
  • +Мт 26:41; Рим. 7:23

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 282-б.

Марк 14:39

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:42—46

Марк 14:41

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 13:1

Марк 14:42

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 18:2

Марк 14:43

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:47—51; Лк 22:47—51; Жн 18:3

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 284-б.

Марк 14:44

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 284-б.

Марк 14:47

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:51; Лк 22:50; Жн 18:10

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 284-б.

Марк 14:48

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:55, 56; Лк 22:52, 53

Марк 14:49

Байланышы бар аяттар

  • +Лк 19:47; Жн 18:20
  • +Зб 22:6; Ыш 53:7; Дн 9:26; Лк 22:37

Марк 14:50

Байланышы бар аяттар

  • +Зак 13:7; Мт 26:31; Жн 16:32

Марк 14:51

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 285-б.

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 118-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/2/2008, 30-б.

    1/4/2008, 24-б.

Марк 14:52

Шилтемелер

  • *

    Же: «жарым-жартылай жылаңач».

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 285-б.

    «Кылдат күбөлөндүрөбүз», 118-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    15/2/2008, 30-б.

    1/4/2008, 24-б.

Марк 14:53

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 18:13
  • +Мт 26:57; Лк 22:54, 55

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 286—288-бб.

Марк 14:54

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:58; Жн 18:15

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 288-б.

    «Үлгү алгыла», 200-б.

    «Күзөт мунарасы»,

    1/4/2010, 23-б.

Марк 14:55

Шилтемелер

  • *

    Сөзмө-сөз: «Синедриондун». Сөздүктү кара.

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:59, 60

Марк 14:56

Байланышы бар аяттар

  • +Зб 35:11

Марк 14:58

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:61; Мр 15:29; Жн 2:19

Марк 14:60

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:62, 63

Марк 14:61

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 53:7; Пт1к 2:23

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 287-б.

Марк 14:62

Байланышы бар аяттар

  • +Дн 7:13
  • +Зб 110:1; Эф 1:20; Кл 3:1
  • +Мт 24:30; 26:64; Лк 21:27; Аян 1:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 287-б.

Марк 14:63

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:65, 66

Марк 14:64

Байланышы бар аяттар

  • +Лб 24:16; Жн 19:7

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 290-б.

Марк 14:65

Байланышы бар аяттар

  • +Ыш 50:6; 53:3; Мт 26:67, 68
  • +Лк 22:63—65

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Күзөт мунарасы»,

    15/8/2011, 14-б.

Марк 14:66

Байланышы бар аяттар

  • +Мт 26:69—75; Лк 22:55—62; Жн 18:25, 26

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 288-б.

Марк 14:67

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 288-б.

Марк 14:71

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 288-б.

Марк 14:72

Байланышы бар аяттар

  • +Жн 18:27
  • +Мт 26:34; Мр 14:30; Лк 22:34; Жн 13:38

Индекстер

  • Изилдөө жүргүзүүгө арналган курал

    «Иса Машаяк - жол», 288-б.

Башка котормолор

Байланышы бар аяттар чыгышы үчүн аяттын санын басыңыз

Башкасы

Мр. 14:1Чг 12:3, 6; Лб 23:5
Мр. 14:1Лб 23:6
Мр. 14:1Жн 13:1
Мр. 14:1Мт 26:2—5; Лк 22:1, 2
Мр. 14:3Мт 26:6—9; Жн 12:2—5
Мр. 14:6Мт 26:10; Жн 12:7
Мр. 14:7Мз 15:11
Мр. 14:7Мт 26:11; Жн 12:8
Мр. 14:8Мт 26:12; Жн 12:7
Мр. 14:9Мт 24:14
Мр. 14:9Мт 26:13
Мр. 14:10Мт 26:14—16; Лк 22:3—6
Мр. 14:11Зак 11:12
Мр. 14:12Чг 12:15, 18; 23:15
Мр. 14:12Лк 22:1, 7
Мр. 14:12Сн 9:2; Мт 26:17—19
Мр. 14:13Лк 22:10—13
Мр. 14:17Мт 26:20; Лк 22:14
Мр. 14:18Зб 41:9; Мт 26:21, 22; Лк 22:21, 23; Жн 13:21, 22
Мр. 14:20Мт 26:23
Мр. 14:21Лк 22:22
Мр. 14:21Мт 26:24
Мр. 14:22Мт 26:26; Лк 22:19; Кр1к 11:23, 24
Мр. 14:23Мт 26:27; Кр1к 10:16; 11:25
Мр. 14:24Чг 24:8; Лб 17:11; Ев 9:22
Мр. 14:24Жр 31:31; Ев 7:22; 9:15
Мр. 14:24Ыш 53:12; Мт 26:28; Лк 22:20
Мр. 14:26Мт 26:30; Лк 22:39; Жн 18:1
Мр. 14:27Ыш 53:5; Дн 9:26
Мр. 14:27Зак 13:7; Мт 26:31—33, 56; Мр 14:50; Жн 16:32
Мр. 14:28Мр 16:7
Мр. 14:29Лк 22:31—33; Жн 13:37
Мр. 14:30Мт 26:34; Лк 22:34; Жн 13:38
Мр. 14:31Мт 26:35
Мр. 14:32Мт 26:36, 37; Лк 22:39—41; Жн 18:1
Мр. 14:33Мр 9:2
Мр. 14:34Жн 12:27
Мр. 14:34Мт 26:38
Мр. 14:36Рим. 8:15; Гл 4:6
Мр. 14:36Мт 26:39; Лк 22:42; Жн 6:38; Ев 5:7
Мр. 14:37Мт 26:40; Лк 22:45
Мр. 14:38Мт 6:13; Лк 11:4; 22:46
Мр. 14:38Мт 26:41; Рим. 7:23
Мр. 14:39Мт 26:42—46
Мр. 14:41Жн 13:1
Мр. 14:42Жн 18:2
Мр. 14:43Мт 26:47—51; Лк 22:47—51; Жн 18:3
Мр. 14:47Мт 26:51; Лк 22:50; Жн 18:10
Мр. 14:48Мт 26:55, 56; Лк 22:52, 53
Мр. 14:49Лк 19:47; Жн 18:20
Мр. 14:49Зб 22:6; Ыш 53:7; Дн 9:26; Лк 22:37
Мр. 14:50Зак 13:7; Мт 26:31; Жн 16:32
Мр. 14:53Жн 18:13
Мр. 14:53Мт 26:57; Лк 22:54, 55
Мр. 14:54Мт 26:58; Жн 18:15
Мр. 14:55Мт 26:59, 60
Мр. 14:56Зб 35:11
Мр. 14:58Мт 26:61; Мр 15:29; Жн 2:19
Мр. 14:60Мт 26:62, 63
Мр. 14:61Ыш 53:7; Пт1к 2:23
Мр. 14:62Дн 7:13
Мр. 14:62Зб 110:1; Эф 1:20; Кл 3:1
Мр. 14:62Мт 24:30; 26:64; Лк 21:27; Аян 1:7
Мр. 14:63Мт 26:65, 66
Мр. 14:64Лб 24:16; Жн 19:7
Мр. 14:65Ыш 50:6; 53:3; Мт 26:67, 68
Мр. 14:65Лк 22:63—65
Мр. 14:66Мт 26:69—75; Лк 22:55—62; Жн 18:25, 26
Мр. 14:72Жн 18:27
Мр. 14:72Мт 26:34; Мр 14:30; Лк 22:34; Жн 13:38
  • Ыйык Китеп
  • Окуңуз: Жаңы дүйнө котормосу (bi12)
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • 15
  • 16
  • 17
  • 18
  • 19
  • 20
  • 21
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • 35
  • 36
  • 37
  • 38
  • 39
  • 40
  • 41
  • 42
  • 43
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • 59
  • 60
  • 61
  • 62
  • 63
  • 64
  • 65
  • 66
  • 67
  • 68
  • 69
  • 70
  • 71
  • 72
Ыйык Китеп
Марк 14:1—72

Марк

14 Куткарылуу майрамы*+ менен Калама майрамына*+ эки күн калган эле.+ Жогорку дин кызматчылар менен диний мыйзамдарды окуткандар Исаны амалкөйлүк менен кармап өлтүрүштүн жолун издей башташты.+ 2 Бирок алар: «Аны майрам учурунда кармаганга болбойт, болбосо эл көтөрүлүш чыгарышы мүмкүн»,— деп жатышты.

3 Иса Бетанияда мурун пес оорусу менен ооруган Симондун үйүндө дасторкон үстүндө отурганда, бир аял жыпар жыттуу май — абдан кымбат таза нард* — куюлган идиш* көтөрүп келди. Анан идиштин оозун сындырып, майды Исанын башына куя баштады.+ 4 Ошондо кээ бирөөлөр нааразы болуп, өз ара: «Жыпар жыттуу майды мынча ысырап кылыштын эмне кереги бар эле? 5 Муну 300дөн ашык динарга* сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берсе болот эле да!» — дешти. Алар аялга абдан нааразы болушту*. 6 Бирок Иса: «Муну жайына койгула. Эмнеге кыжалат кылып жатасыңар? Бул аял мага жакшылык кылды.+ 7 Анткени жакырлар дайыма жаныңарда болот,+ аларга каалаган убагыңарда жакшылык кыла аласыңар. Мен болсо силер менен дайыма эле боло бербейм.+ 8 Бул аял колунан келгенди кылды: көргө коюларымдан мурун денемди алдын ала жыпар жыттуу май менен майлады.+ 9 Силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын,+ бул аялды да эстеп, ушул иши жөнүндө айтышат»,— деди.+

10 Ошондо 12 элчинин бири Жүйүт Искариот Исаны жогорку дин кызматчылардын колуна салып бериш үчүн аларга барды.+ 11 Анын сөзүн укканда алар сүйүнүп, ага күмүш акча беребиз деп убада кылышты.+ Ошон үчүн Жүйүт Исаны алардын колуна салып бергенге ыңгайлуу учурду издей баштады.

12 Калама майрамынын+ биринчи күнүндө, адаттагыдай Куткарылуу майрамындагы курмандык союлганда,+ шакирттери Исага: «Куткарылуу майрамында жей турган тамакты кайсы жерде жегиң келет? Биз барып, даярдайлы»,— дешти.+ 13 Ошондо ал эки шакиртин жөнөтүп: «Шаарга баргыла. Ал жерден кумарага суу көтөргөн кишини жолуктурасыңар. Анын артынан барып,+ 14 ал кайсы үйгө кирсе, ошол үйдүн ээсине: „Устат сенден: “Мен шакирттерим менен Куткарылуу майрамында тамак жей турган конок бөлмөсү кайсы?” — деп сурап жатат“,— деп айткыла. 15 Ал силерге үстүнкү кабаттагы чоң бөлмөнү көрсөтөт. Анда керектүүнүн баары болот. Куткарылуу майрамында жей турган тамакты ошол жерге даярдагыла»,— деди. 16 Шакирттери жолго чыгып, шаарга барышканда, бардыгы Иса айткандай болуп чыкты. Анан алар Куткарылуу майрамына даярдык көрүштү.

17 Кеч киргенде, Иса 12 элчиси менен ошол жерге барды.+ 18 Алар дасторкон үстүндө отурушканда, Иса: «Силерге айтып коёюн, араңардан бирөө, мени менен тамактанып жаткандардын бири, мага чыккынчылык кылат»,— деди.+ 19 Элчилери капаланып, биринин артынан бири: «Мен эмесминби?» — деп сурай баштады. 20 Иса аларга: «Ал — он экинин бири, мени менен бир табактан жеп жаткан бирөө.+ 21 Дегинкиси, адам Уулу, өзү жөнүндө жазылгандай, силерден кетип баратат, бирок ага чыккынчылык кыла турган адамдын башына каран түн түшөт!+ Анын мындан көрө төрөлбөй эле койгону жакшы болмок»,— деп жооп берди.+

22 Тамак ичип отурушканда, Иса нанды алып, Кудайдан тиленген соң аны сындырды да, элчилерине узатып жатып: «Алгыла. Бул менин денемди билдирет»,— деди.+ 23 Анан чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аны элчилерине узатты. Андан баары ичишти.+ 24 Иса аларга: «Бул көптөр үчүн төгүлө турган канымды,+ „келишимдин+ канын“,билдирет.+ 25 Силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышалыгында жаңы шарап иче турган күн келгенге чейин, шарап ичпейм»,— деди. 26 Акырында алар Кудайды даңктап ырдашты да, Зайтун тоосун көздөй жөнөштү.+

27 Иса элчилерине: «Баарыңар менден баш тартып кетесиңер, анткени Ыйык Жазмада: „Койчусун өлтүрөм,+ ошондо койлор туш-тушка чачырап кетет“,— деп жазылган.+ 28 Бирок тирилгенимден кийин силерден мурун Галилеяга барам. Ошол жактан силерге жолугам»,— деди.+ 29 Ошондо Петир ага: «Баары баш тартып кетсе да, мен баш тартпайм!» — деди.+ 30 Иса: «Сага айтып коёюн, бүгүн, ушул түнү, короз эки жолу кыйкырганга чейин, менден үч жолу баш тартасың»,— деп айтты.+ 31 Ошондо Петир ого бетер: «Сени менен чогуу өлүшүм керек болсо да, сенден эч качан баш тартпайм!» — дей баштады. Калгандары да ошентишти.+

32 Гетсемани деп аталган жерге барышканда, Иса шакирттерине: «Мен барып, Кудайдан тиленип келгиче, ушул жерде отура тургула»,— деди да,+ 33 Петирди, Жакыпты, Жаканды ээрчитип кетти.+ Анын ичи уйгу-туйгу болуп, санаасы санга бөлүнүп жатты. 34 Ал аларга: «Жаным аябай кыйналып турат.+ Бул жерде калып, уктабай, сергек тургула»,— деди.+ 35 Анан арыраак барып, жерге чөгөлөдү да, мүмкүн болсо, ошол кыйынчылыктын андан кыя өтүшүн сурап Кудайдан тилене баштады. 36 Ал: «Абба*, Ата,+ сенин колуңдан баары келет. Бул чөйчөктү* менден алыстата көр. Бирок мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,— деди.+ 37 Кайра келип, шакирттеринин уктап жатканын көргөндө Петирге: «Симон, уктап жатасыңбы? Бир саат сергек тура алган жоксуңбу?+ 38 Азгырыкка алдырбаш үчүн сергек болгула, Кудайдан тынбай тиленгиле.+ Негизи, адамдын өзү туура иш кылганга дилгир болсо да, денеси алсыз келет*»,— деди.+ 39 Анан кайра ары барып, Кудайдан ага чейин сурангандарын дагы сурап тиленди.+ 40 Кайра келсе, шакирттери дагы уктап калыптыр. Аларды катуу уйку басып жаткан эле. Алар ага эмне деп жооп беришти билбей калышты. 41 Үчүнчү жолу келгенде, шакирттерине: «Ушундай убакта да уктап, эс алып жатасыңарбы?! Бүттү! Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна салынып берилчү убак келди.+ 42 Тургула, кеттик. Мага чыккынчылык кылган киши келатат»,— деди.+

43 Ошол замат, ал сүйлөп бүтө электе эле, 12 элчинин бири Жүйүт колдоруна кылыч, союл көтөргөн бир топ кишини ээрчитип келди. Аларды жогорку дин кызматчылар, диний мыйзамдарды окуткандар менен аксакалдар жиберген эле.+ 44 Чыккынчы Жүйүт аларга: «Мен кимди өпсөм, ошону кармагыла да, жакшылап кайтарып алып кеткиле» — деп, кандай белги берерин айткан болчу. 45 Анан түз эле Исаны көздөй басып, жанына барды да: «Устат!» — деп, аны акырын өөп койду. 46 Ошондо тигилер келип, Исаны кармашты. 47 Бирок ошол жерде тургандардын бири кылычын сууруп чыгып, башкы дин кызматчынын кулунун кулагын шылый чапты.+ 48 Иса өзүн кармаганы келгендерге: «Каракчыны кармачудай болуп, кылыч, союл көтөрүп келгениңер кандай?+ 49 Күн сайын ибадатканада силер менен болуп,+ элди окутуп жүргөнүмдө мени кармаган жок элеңер го. Бирок мунун баары Ыйык Жазмада айтылгандар аткарылышы үчүн болду»,— деп айтты.+

50 Ошондо шакирттеринин баары аны таштап, качып кетишти.+ 51 Бирок бир жаш жигит анча алыс эмес аралыкта Исанын артынан ээрчип жүрүп отурду. Ал жылаңач этине эле сапаттуу зыгыр кийим жамынып алган болчу. Аны кармайын дешкенде, 52 үстүндөгү кийимин таштай салып, жылаңач* бойдон качып кетти.

53 Исаны башкы дин кызматчыга алып барышты.+ Ал жерге бардык жогорку дин кызматчылар, аксакалдар, диний мыйзамдарды окуткандар чогулду.+ 54 Петир болсо Исаны алыстан ээрчип, башкы дин кызматчынын короосуна чейин барды. Анан анын үй кызматчыларынын жанында отко жылынып отурду.+ 55 Ал ортодо жогорку дин кызматчылар менен Жогорку соттун* бардык мүчөлөрү Исаны өлүм жазасына тартыш үчүн ага жалаа жаба тургандарды издеп жатышты, бирок эч кимди таба алышкан жок.+ 56 Аны көптөгөн жалган күбөлөр айыптаса да,+ койгон айыптары бири-бириникине дал келбей жатты. 57 Дагы бирөөлөр болсо ордунан туруп, ага каршы күбөгө өтүп: 58 «Биз мунун: „Кол менен салынган бул ибадаткананы бузуп, үч күндүн ичинде кол менен салынбаган башка ибадаткана тургузам“,— деп айтканын укканбыз»,— дешти.+ 59 Бирок алардын койгон айыптары да бири-бириникине дал келген жок.

60 Анан башкы дин кызматчы ордунан туруп, Исадан: «Жооп бербейсиңби? Булардын сени эмне деп айыптап жатканын уккан жоксуңбу?» — деп сурады.+ 61 Бирок Иса унчуккан жок.+ Ага эчтеке деп жооп берген да жок. Башкы дин кызматчы кайрадан суроо берип: «Даңктуу Кудайдын Уулу Машаяк сенсиңби?» — деди. 62 Иса: «Менмин. Силер адам Уулунун+ Кудурети Күчтүүнүн оң жагында отурганын+ жана асмандагы булуттардын арасында келатканын көрөсүңөр»,— деди.+ 63 Ошондо башкы дин кызматчы кийимин айрып жиберип: «Бизге дагы кандай күбөлөр керек?!+ 64 Мунун акарат сөздөрүн өз кулагыңар менен укпадыңарбы. Буга эмне дейсиңер?» — деди. Баары Исаны өлтүрүш керектигин айтышты.+ 65 Айрымдары ага түкүрө башташты.+ Анан бетин жаап, муштагылап: «Пайгамбар болсоң, айтчы, сени ким урду?» — деп жатышты. Өкүмдү аткара тургандар аны кайра-кайра жаакка чаап, алып кетишти.+

66 Петир төмөн жакта, короодо отурганда, жанына башкы дин кызматчынын бир күңү келди.+ 67 Ал отко жылынып отурган Петирди көрүп, аны тигиле карады да: «Сен да ушул назареттик Иса менен чогуу жүргөнсүң»,— деди. 68 Бирок Петир: «Мен аны тааныбайм. Эмне деп жатасың? Түшүнгөн жокмун»,— деп танып койду. Анан сыртты көздөй, дарбаза жакка жөнөдү. 69 Ал жерден аны күң кайра көрүп, жанындагыларга: «Бул — ошолордун бири»,— деп айта баштады. 70 Петир дагы танып койду. Бир аздан кийин, ошол жерде тургандар да: «Сен, чын эле, ошолордун бирисиң, анткени галилеялыксың да»,— дей башташты. 71 Петир болсо: «Силер айтып жаткан кишини тааныбайм!» — деп каргана баштады. 72 Ошол замат короз экинчи жолу кыйкырды.+ Ошондо Петир Исанын: «Короз эки жолу кыйкырганга чейин, сен менден үч жолу баш тартасың»,+— деген сөздөрүн эстеп, кармана албай өксөп ыйлады.

Кыргызча адабияттар (1997-2025)
Чыгуу
Кирүү
  • кыргыз
  • Бөлүшүү
  • Жөндөө
  • Copyright © 2025 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания)
  • Колдонуу шарттары
  • Купуялуулук саясаты
  • Колдонуу шарттарын жөндөө
  • JW.ORG
  • Кирүү
Бөлүшүү