Еврейлерге
10 Мыйзам келечектеги баталардын+ өзү эмес, көлөкөсү гана+ болгон. Ошон үчүн жыл сайын курмандыктарды чалууну талап кылган ал Мыйзам* Кудайга сыйынгандарды эч качан жеткилең кыла албайт.+ 2 Эгер жеткилең кыла алса, курмандык чалуу токтобойт беле? Анткени ыйык кызматты аткаргандар бир жолу тазалангандан кийин эле өздөрүн күнөөлүү сезбей калышмак*. 3 Тескерисинче, ал курмандыктар жылдан жылга күнөөлөрдү эске салып турат,+ 4 себеби букалар менен текелердин каны күнөөлөрдү жок кыла албайт.
5 Ошондуктан Машаяк дүйнөгө келгенде Кудайга: «„Сен малдан чалынчу курмандыктар менен башка тартууларды каалабагандыктан мага дене даярдап койгонсуң. 6 Бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен күнөө үчүн чалынчу курмандыктарды жактырган жоксуң“,— деген.+ 7 Ошондой эле: „Мына, түрмөктө* мен жөнүндө жазылгандай, эркиңди аткарыш үчүн келдим, оо, Кудайым“,+— деп да айткам»,— деген. 8 Мындан көрүнүп тургандай, Иса адегенде: «Сен малдан чалынчу курмандыктар менен башка тартууларды, бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен күнөө үчүн чалынчу курмандыктарды каалаган жоксуң, аларды жактырган жоксуң»,— деп айткан. Андай курмандыктар Мыйзам боюнча чалынчу. 9 Андан кийин: «Мына, эркиңди аткарыш үчүн келдим»,— деген.+ Ошентип, экинчи чараны бекитиш үчүн биринчисин жокко чыгарган. 10 Кудайдын ошол «эрки» боюнча,+ биз Иса Машаяктын бир жолу жана биротоло чалынган курмандыгы аркылуу ыйыкталганбыз.+
11 Мындан тышкары, ар бир дин кызматчы ыйык кызматын аткарыш үчүн күн сайын өз ордуна туруп,+ окшош эле курмандыктарды кайра-кайра чалат.+ Бирок ал курмандыктар күнөөлөрдү эч качан толугу менен жок кыла албайт.+ 12 Ал эми Машаяк күнөөлөрдү жууш үчүн түбөлүккө бир эле курмандык чалып, Кудайдын оң жагына отурган.+ 13 Ошондон тартып ал өзүнүн душмандары бут алдына жыгыла турган убакты күтүп жатат.+ 14 Ал бир эле курмандык чалып, ыйыкталгандарды түбөлүккө жеткилең кылды.+ 15 Кудай да муну ыйык руху аркылуу ырастап: 16 «„Ошол күндөрдөн кийин мен алар менен мындай келишим түзөм,— дейт Жахаба.— Мыйзамдарымды алардын жүрөгүнө салып, акылына жазам“»,— дейт.+ 17 Андан кийин: «Алардын күнөөлөрү менен жаман иштерин экинчи эстебейм»,— дейт.+ 18 Кудай кечиргенден кийин, күнөө үчүн курмандык чалыштын зарылдыгы болбой калат.
19 Ошон үчүн, бир туугандарым, Исанын каны төгүлгөндүктөн, биз Ыйыктын ыйыгына коркпой кире алабыз.+ 20 Иса көшөгөдөн өтүп, бизди өмүргө алып бара турган жаңы жол ачты.+ Көшөгө анын денесин билдирет. 21 Кудайдын элинин үстүнөн коюлган улуу дин кызматчыбыз бар болгондуктан,+ 22 жүрөгүбүздү жана булганган абийирибизди тазалап*,+ денебизди таза сууга жууп,+ Кудайга чын жүрөктөн, бекем ишеним менен сыйыналы. 23 Эл алдында үмүтүбүз жөнүндө олку-солку болбой, талыкпай жарыялай берели,+ анткени убада берген Кудай сөзүнө бек турат. 24 Ошондой эле бири-бирибизге көңүл бөлүп*, сүйүүгө, жакшы иштерге үндөйлү*.+ 25 Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жыйналыштарыбызды калтырбайлы,+ андан көрө, бири-бирибизге дем-күч берип туралы.+ Кудайдын күнү жакындап келатканын көрүп тургандыктан ушундай кылганга ого бетер көп күч жумшайлы.+
26 Анткени Кудайдын туура окуулары жөнүндө так билим алгандан кийин атайлап күнөө кыла берсек,+ күнөөлөрүбүздү жууй турган башка курмандык болбойт.+ 27 Анда жазаны жана Кудайдын ага каршы чыккандарды жалмап кете турган жалындаган каарын гана коркуп күтө бериш керек болот.+ 28 Мусанын Мыйзамын бузган ар бир киши 2 же 3 күбөнүн ырастоосу боюнча өлүм жазасына тартылат,+ ага ырайым кылынбайт. 29 Анда Кудайдын Уулун тебелеп-тепсеп, өздөрүн ыйык кылган жана келишимди бекиткен канды+ боло жүргөн нерседей көрүп, бизге ырайым кылган Кудайдын ыйык рухун такыр баркка албагандар канчалык оор жазага тартылат деп ойлойсуңар?!+ 30 Себеби биз: «Өчтү мен алам, тиешесин мен берем»,— деп айткан Кудайдын ким экенин билебиз. Ыйык Жазмада: «Жахаба элине сот жүргүзөт»,— деп да айтылган.+ 31 Тирүү Кудайдын колуна түшүү коркунучтуу.
32 Кудай силерге жарыгын чачып, көзүңөрдү ачкандан кийин,+ оор кыйынчылыктар менен күрөшүп, көп азаптарга чыдаганыңарды дайыма эстеп жүргүлө. 33 Кээде эл алдында* кордук көрүп, кыйынчылыктарга туш болсоңор, кээде ошондой абалга кабылгандарга жөлөк-таяк болгонсуңар. 34 Ошондой эле түрмөдө отургандарга бооруңар ачып, жардам бергенсиңер; мүлкүңөр таланып-тонолгондо, кубанычыңарды бөксөрткөн эмессиңер,+ себеби андан да жакшы, түбөлүктүү мурасыңар бар экенин билгенсиңер.+
35 Ошондуктан мындан ары да кайраттуу болгула*, анткени бул үчүн Кудайдан мол бата аласыңар.+ 36 Кудайдын эркин аткарып, ал убада кылган нерселерди алышыңар үчүн туруктуу болушуңар керек.+ 37 Себеби «бир аз эле калды»,+ «келаткан* келет, кечикпейт».+ 38 «Адил кызматчым ишениминин аркасында өмүр сүрөт».+ Эгер «ал артка кетенчиктесе, ага ыраазы болбойм».+ 39 Биз болсо артка кетенчиктеп, жок боло тургандардан эмеспиз,+ биз ишениминин аркасында жанын сактап кала тургандарданбыз.