Башталыш
45 Муну укканда Жусуп өзүн андан ары кармай албай,+ кызматчыларына: «Баарыңар чыгып кеткиле!» — деп кыйкырды. Жанында бир туугандары эле калганда, ал өзүнүн ким экенин айтты.+
2 Ал ушунчалык катуу ыйлагандыктан, аны сырттагы мисирликтер да укту. Бул жөнүндө фараондун ак сарайындагыларга да кабар жетти. 3 Анан Жусуп бир туугандарына: «Мен Жусупмун, атамдын көзү дагы эле тирүүбү?» — деди. Бирок алар айран-таң калып, эч нерсе дей албай туруп калышты. 4 Жусуп аларга: «Жаныма келгилечи»,— деди. Алар жанына барышты.
Ошондо ал мындай деди: «Мен Жусупмун, силер Мисирге сатып жиберген бир тууганыңармын.+ 5 Бирок эми тынчсызданбагыла, мени сатып жибергениңер үчүн бири-бириңерди жемелебегиле. Кудай мени бул жакка элди аман алып калыш үчүн жибериптир.+ 6 Ачарчылык болуп жатканына 2 эле жыл болду,+ дагы 5 жыл бою жер айдалбайт, түшүм болбойт. 7 Ошондуктан Кудай кудуреттүү күчү менен силерди аман алып калып, жер бетинде тукумуңар+ сакталып калышы үчүн мени бул жакка силерден мурун жибериптир. 8 Ооба, бул жакка мени силер эмес, чыныгы Кудай жиберген. Ал мени фараондун башкы кеңешчиси*, бүт үйүнүн кожоюну, бүткүл Мисир жеринин башкаруучусу кылып койду.+
9 Тезирээк атама баргыла да, мындай дегиле: „Уулуңуз Жусуп: ”Кудай мени бүт Мисир жерине башчы кылып койду.+ Мага тезирээк келиңиз.+ 10 Сизди Гошен+ жерине жайгаштырам. Уулдарыңыз менен неберелериңизди, мал-мүлкүңүздү, болгон нерсеңиздин баарын алып келип, жанымда жашаңыз. 11 Дагы 5 жыл ачарчылык болот. Ошондуктан колуңузда болгондун баары түгөнүп, өзүңүз да, үйдөгүлөрүңүз да жакырданып кетпеш үчүн, мен сизди тамак-аш менен камсыз кылып турам”,— дейт“.+ 12 Бул чын эле мен экенимди иним Бенжемин да, силер да өз көзүңөр менен көрүп турасыңар.+ 13 Атама Мисирдеги бүт атак-даңкымды, көргөн нерселериңердин баарын айтып бергиле. Тезирээк баргыла да, атамды бул жакка алып келгиле».
14 Анан иниси Бенжеминди кучактап, ыйлап кирди. Бенжемин да аны мойнунан кучактап ыйлады.+ 15 Жусуп бүт бир туугандарын өпкүлөп, аларды кучактап ыйлап жатты. Анан бир туугандары аны менен сүйлөшө башташты.
16 «Жусуптун бир туугандары келиптир»,— деген кабар фараондун ак сарайына жетти. Муну укканда фараон да, кызматчылары да кубанышты. 17 Анан фараон Жусупка мындай деди: «Бир туугандарыңа: „Эшектериңерге азык-түлүк артып алып, Канаан жерине баргыла. 18 Анан атаңарды, үй-бүлөңөрдү алып, мага келгиле. Мен силерге Мисирдин эң жакшы нерселерин берем, бул жердин эң жакшы түшүмүн* жейсиңер“,— деп айт.+ 19 Аларга мындай буйрук бер:+ „Балдарыңар менен аялдарыңарды алып келиш үчүн Мисир жеринен арабаларды+ алгыла. Алардын бирине атаңарды отургузуп, бул жакка келгиле.+ 20 Калган мүлкүңөргө кейибегиле,+ Мисирдин эң жакшы нерселери силердики болот“».
21 Ысрайылдын уулдары фараон айткандай кылышты. Анын буйругу боюнча, Жусуп аларга арабаларды берди, жолго деп азык да берди. 22 Ошондой эле ар бирине бирден жаңы кийим, Бенжеминге болсо 300 күмүш акча*, 5 жаңы кийим берди.+ 23 Атасына болсо Мисирдин эң жакшы нерселери жүктөлгөн 10 эшек, жолуна деп камдаган эгин, нан, тамак-аш жүктөлгөн 10 ургаачы эшек берип жиберди. 24 Ошентип, Жусуп бир туугандарын жөнөттү. Аларды узатып жатып: «Жолдон урушпагыла»,— деди.+
25 Алар Мисирден чыгып, Канаан жерине, атасы Жакыпка келишти да: 26 «Жусуп тирүү экен, ал бүт Мисир жерин башкарып жатыптыр!» — дешти.+ Бирок Жакыптын жүрөгү болк этип да койгон жок, себеби айткандарына ишенген жок.+ 27 Балдары Жусуптун айткан сөздөрүнүн баарын айтып бергенден кийин жана аны алып кетиш үчүн жиберген арабаларын көргөндөн кийин гана Жакып жандана түштү. 28 Ошондо Ысрайыл: «Эми ишендим! Уулум Жусуп тирүү экен! Көзүм өтүп кете элегинде барып, көрүп калайын»,— деди.+