Аян
2 Эфестеги+ жыйналыштын периштесине+ мындай деп жаз: оң колуна 7 жылдызды кармап, 7 алтын чыракпаянын арасында басып жүргөн+ мындай дейт: 2 „Мен сенин иштериңди, эмгегиңди, туруктуулугуңду, жаман кишилерге чыдай албасыңды, ошондой эле элчи болушпаса да, өздөрүн элчи деп атагандарды+ сынап көрүп, аларды жалганчы деп тапканыңды билем. 3 Сен туруктуулугуңдан жазган жоксуң, мен үчүн* көп кыйынчылыктарга чыдап келатасың,+ багынган жоксуң.+ 4 Бирок сага айта турган нааразычылыгым бар: сен алгачкы сүйүүңдү сактаган жоксуң.
5 Ошондуктан эмнеден айрылганыңды эстеп, өкүн да,+ башында кылган иштериңди кайрадан кыл. Эгер өкүнбөсөң,+ сага барам да, чыракпаяңды+ ордунан алып таштайм. 6 Бирок сенин бир жакшы жагың бар: мага окшоп сен да Николастын сектасындагылар*+ кылган иштерди жек көрөсүң. 7 Кудай ыйык руху аркылуу жыйналыштарга эмне деп жатканын кунт коюп ук*:+ мен жеңүүчүгө+ Кудайдын бейишиндеги өмүр дарагынын жемишинен жегенге жол берем“.+
8 Смирнадагы жыйналыштын периштесине мындай деп жаз: өлүп, кайра тирилген+ „Биринчи жана Акыркы“+ мындай дейт: 9 „Мен кыйынчылыктарыңды, жакыр экениңди билем, бирок сен байсың.+ Ошондой эле өздөрүн жүйүтпүз дегендердин айткан акарат сөздөрүн да билем. Бирок, чынында, алар — жүйүт эмес, Шайтандын тобуна* киргендер.+ 10 Башыңа түшө турган кыйынчылыктардан коркпо.+ Толугу менен сыналышыңар үчүн, Ибилис айрымдарыңарды түрмөгө каматат; силер 10 күн кыйналасыңар. Өмүрүңдүн акырына чейин берилгендигиңди сакта, ошондо сага өмүр таажысын берем.+ 11 Кудай ыйык руху аркылуу жыйналыштарга эмне деп жатканын кунт коюп ук:+ жеңүүчү+ экинчи өлүмдү* эч качан көрбөйт“.+
12 Пергамдагы жыйналыштын периштесине мындай деп жаз: кош миздүү, узун курч кылычы+ бар мындай дейт: 13 „Сенин Шайтандын тактысы турган жерде жашап жатканыңды билем. Ошентсе да мага берилгендигиңди сактап* келатасың,+ силер жакта, Шайтан жашаган жерде, өлтүрүлгөн+ ишенимдүү күбөм+ Антипанын күндөрүндө да мага болгон ишенимиңди бек сактадың.+
14 Бирок сага бир аз нааразычылыгым бар: араңарда Биламдын окууларына кармангандар бар.+ Билам Балакка+ ысрайыл элин күнөө кылганга — буркандарга багышталган нерселерди жегенге, жыныстык адеп-ахлаксыздык* кылганга+ — азгырганды үйрөткөн. 15 Араңарда Николастын сектасынын окууларына кармангандар+ да бар. 16 Ошон үчүн өкүн. Болбосо сага тез арада барам да, оозумдан чыгып турган узун кылыч+ менен ошолорго каршы согушам.
17 Кудай ыйык руху аркылуу жыйналыштарга эмне деп жатканын кунт коюп ук:+ жеңүүчүгө+ жашырылган маннадан+ берем жана бетинде жаңы ысым жазылган ак таш берем. Ал ысымды аны алгандан башка эч ким билбейт“.
18 Тиатирадагы+ жыйналыштын периштесине мындай деп жаз: көздөрү оттун жалынындай,+ буттары жалтылдаган таза жездей+ болгон Кудай Уулу мындай дейт: 19 „Мен сенин иштериңди, сүйүүңдү, ишенимиңди, кызматыңды, туруктуулугуңду жана акыркы иштериңдин мурунку иштериңен көп экенин билем.
20 Бирок сага айта турган нааразычылыгым бар: сен өзүн пайгамбар деп атаган Изабелге+ окшогон аялдын иштерине көз жумуп жатасың. Ал менин кулдарыма жыныстык адеп-ахлаксыздык кылганды,+ буркандарга багышталган нерселерди жегенди үйрөтүп, адаштырып жатат. 21 Ага өкүнгөнгө убакыт берсем да, ал жыныстык адеп-ахлаксыздык кылып жатканына өкүнгүсү келбей жатат. 22 Ошондуктан аны ооруга чалдыктырып, төшөктөн тургус кылам, ал эми аны менен ойноштук кылып жүргөндөрдү, эгер аныкындай иштери үчүн өкүнүшпөсө, катуу азап тарттырам*. 23 Анын балдарын айыккыс ооруга чалдыктырып өлтүрөм. Ошондо бардык жыйналыштагылар менин адамдын жүрөгүн, тереңинде жаткан ойлорун* изилдээримди билишет. Мен ар бириңерге иштериңерге жараша тиешеңерди берем.+
24 Ал эми калгандарыңарга, тактап айтканда, Тиатирада Изабелдин окуусуна карманбагандардын жана Шайтандын “терең сырлары”+ деп аталган нерселерди үйрөнбөгөндөрдүн баарына мындай дейм: силерге башка эч кандай жүк артпайм. 25 Эмнеңер бар болсо, мен барганга чейин, ошону бек сактасаңар эле жетиштүү.+ 26 Ким аягына чейин меникиндей иштерди кылып, жеңүүчү болуп чыкса, ага элдердин үстүнөн бийлик берем.+ 27 Атамдан кандай бийлик алсам, ошондой бийлик берем. Ошондо ал элдерди темир таяк менен кайтарат,+ алар чопо идиштердей талкаланат. 28 Ошондой эле ага таңкы жылдызды берем.+ 29 Кудай ыйык руху аркылуу жыйналыштарга эмне деп жатканын кунт коюп ук“.