Римдиктерге
3 Анда жүйүт болгондун кандай артыкчылыгы бар же сүннөткө отургузулгандын кандай пайдасы бар? 2 Бардык жагынан көп артыкчылыгы бар. Баарынан мурда Кудай Ыйык Жазмаларды* жүйүттөргө берген.+ 3 Анда айрым жүйүттөрдүн ишеними жок болсо эле, бул Кудайга ишеним артканга болбойт дегенди билдиреби? 4 Такыр андай эмес! Атүгүл адамдардын баары жалганчы болуп чыккан күндө да,+ Кудайдыкы дайыма чын чыгат.+ Анткени Ыйык Жазмада: «Сенин айткандарың туура*, сени айыпташканда, жеңип чыгасың»,— деп жазылган.+ 5 Биз туура эмес иштерди кылганда, Кудайдын адил экени айкын көрүнөт. Анда, эмне, Кудай бизди жазалаганда адилетсиздик кылган болуп калабы? (Кээ бирлер ушинтип ойлошот.) 6 Түк да андай эмес! Кудай адил. Болбосо ал дүйнөнү кантип соттойт?+
7 Ошондой эле эгер мен калп айтсам жана ошонун аркасында Кудайдын айткандары чын экени ого бетер айкын болуп, ал даңкталып жатса, анда эмнеге ал мени күнөөкөр катары соттошу керек? 8 Анда: «Жакшылык болушу үчүн, жамандык кылалы»,— деп айта берели. Айрымдар ушинтип айтасыңар деп бизге жалаа жаап жүрүшпөйбү. Адилеттик боюнча, ошентип айткандар соттолушу керек.+
9 Анда, эмне, биз — жүйүттөр — башкалардан жакшыраакпызбы? Андай эмес! Анткени, жогоруда айтканыбыздай, жүйүттөр да, гректер да — баары күнөөкөр.+ 10 Бул тууралуу Ыйык Жазмада мындай делген: «Бир да адил адам жок.+ 11 Түшүнүгү бар эч ким жок, Кудайды издеген бир да киши жок. 12 Баары жолдон адашып калышты, бүт баары эч нерсеге жараксыз болуп калышты. Жакшылык кылган киши жок, бирөө да жок».+ 13 «Алардын оозу ачык мүрзөдөй, алар тили менен калп айтышат».+ «Сөздөрү жыландын уусундай».+ 14 «Ооздору каргышка, заар сөздөргө толгон».+ 15 «Буттары кан төккөнгө шашат».+ 16 «Алардын жолуна түшкөндөр кыйрайт, кайгыга малынат. 17 Алар тынчтыкта жашаганды билишпейт».+ 18 «Көздөрүнөн Кудайдан коркуу дегенди көрбөйсүң».+
19 Биз билгендей, Мыйзамдагы сөздөрдүн баары Мыйзамдын бийлиги астындагыларга карата айтылган. Ал эч ким актана албашы үчүн жана бүт дүйнө Кудайдын көз алдында күнөөлүү экенин, жазаланганга тийиш экенин көрсөтүш үчүн берилген.+ 20 Ошондуктан адам Мыйзамда талап кылынган иштерди аткарса эле Кудайдын алдында адил болуп калбайт.+ Чынында, Мыйзам аркылуу күнөө деген эмне экенин айкыныраак түшүнөбүз.+
21 Бирок азыр, Мыйзамда жана пайгамбарлардын китептеринде алдын ала айтылгандай,+ адам Кудайдын көз алдында Мыйзамды аткарбай эле адил боло алары айкын болду.+ 22 Ооба, тек-жайы кандай болбосун, адам ишениминин, тактап айтканда, Иса Машаякка болгон ишениминин аркасында Кудайдын алдында адил боло алат.+ 23 Адамдардын бардыгы күнөөкөр, ошон үчүн Кудайдын кереметтүү сапаттарын жеткилең түрдө чагылдыра алышпайт.+ 24 Бирок Кудай аларды Иса Машаяк төлөгөн кундун негизинде+ күнөөдөн куткарып, ырайымдуулугунан улам адил деп жарыялады.+ Бул — анын бизге берген белеги.+ 25 Кудай Машаякты анын каны төгүлгөнүнө ишенген+ адамдарды өзү менен элдештириш үчүн курмандыкка чалды.+ Ошентип, өзүнүн адил экенин көрсөттү. Анткени Кудай сабырдуу болуп, мурунку күнөөлөрдү кечирип келген. 26 Ошондой эле ал Исага ишенгендерди адил деп эсептеп,+ өзүнүн адил экенин азыр да көрсөтүп жатат.+
27 Анда мактанганга кандайдыр бир себеп барбы? Эч кандай себеп жок. Мыйзамга карманып жашаганыбыз үчүн мактана алабызбы?+ Жок. Ишенимди талап кылган мыйзамга карманганыбыз үчүн гана мактана алабыз. 28 Себеби биз ар бир адам Мыйзамда талап кылынган иштердин эмес, ишенимдин негизинде адил болорун билебиз.+ 29 Же, эмне, Кудай жүйүттөрдүн эле Кудайыбы?+ Ал башка элдердин да Кудайы эмеспи?+ Ооба, башка элдердин да Кудайы.+ 30 Кудай бирөө эле+ болгондуктан ал сүннөткө отургузулгандарды да,+ отургузулбагандарды да+ ишениминин негизинде адил деп жарыялайт. 31 Анда биз ишенимибиз менен Мыйзамды жокко чыгарып жатабызбы? Жок! Кайра, Мыйзамды колдоп жатабыз.+