Накыл сөздөр
4 Балдарым, атаңардын акыл-насаатына кулак салгыла;+
Акылдуу болуш үчүн* бүт дитиңерди койгула,
2 Себеби силерге жакшы таалим берем;
4 Атам мага таалим берип, мындай деген: «Сөздөрүмдү жүрөгүңдө бекем сакта.+
Осуяттарымды аткарып, узак жаша.+
5 Акылмандыкка, түшүнүккө умтул.+
Айткандарымды унутпа, алардан четтебе.
6 Акылмандыкты четке какпа, ошондо ал сени сактайт.
Аны жакшы көр, ошондо ал сени коргойт.
7 Акылмандык — адам үчүн эң маанилүү нерсе,+ ошон үчүн ага умтул,
Башка нерселер менен бирге түшүнүккө да ээ бол.+
8 Акылмандыкты жогору баала, ошондо ал зоболоңду көтөрөт.+
Аны кучагыңа алсаң, даңкыңды чыгарат.+
9 Ал башыңа кооз гүлчамбар кийгизет;
Көз жоосун алган таажы кийгизип, көркүңдү ачат».
10 Кулак сал, уулум, айткандарымды кабыл ал.
Ошондо узак өмүр сүрөсүң.+
12 Басканда бутуң эч нерсеге мүдүрүлбөйт,
Чуркаганда чалынбайсың.
13 Акыл-насаатты бекем карма, коё бербе.+
Аны сакта, анткени ал — сенин өмүрүң.+
16 Анткени алар жамандык кылмайынча уктай алышпайт,
Кимдир бирөөнү кыйратмайынча кирпик кагышпайт.
19 Ыймансыздардын жолу капкараңгы;
Алар эмнеге чалынганын билишпейт.
20 Уулум, сөздөрүмө кулак сал,
Айткандарымды кунт коюп ук.
27 Оңго да, солго да бурулба.+
Жамандыктан алыс бол.